|
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
|
| «Кыргыз Республикасынын Љкмљтџ менен Катар Мамлекетинин Љкмљтџнџн ортосундагы туризм чљйрљсџндљ кызматташуу жана љз ара тџшџнџшџџ жљнџндљ» Меморандум (Доха шаары, 2014-жылдын 8-декабры) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы
туризм чөйрөсүндө кызматташуу жана өз ара түшүнүшүү жөнүндө
Меморандум
(Доха шаары, 2014-жылдын 8-декабры)
Мындан ары «Тараптар» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Катар Мамлекетинин Өкмөтү;
эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди бекемдөөнү, ошондой эле эки өлкөнүн өз ара кызыкчылыктарынын негизинде туризм тармагындагы кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн колдоону жана өнүктүрүүнү каалашып,
туризм экономиканын негизи жана мамлекеттер ортосундагы мамилени чыңдоонун жана өз ара түшүнүүнүн бир жолу экендигин түшүнүшүп, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Кызматташуу жана колдоо атмосферасы үчүн шарттар
Тараптар эки өлкөнүн өз ара пайдасы үчүн туризм тармагында узак мөөнөттүү кызматташууга ыңгайлуу шарттарды түзүшөт.
2-берене. Кызматташуу чөйрөлөрү
Тараптар туризмди өнүктүрүү жана пландоо максатында, эки мамлекеттин мыйзамдарына, жоболоруна, эрежелерине жана белгиленген жол-жоболоруна ылайык төмөнкү чөйрөлөрдө кызматташат:
а) пландаштыруу жана өнүктүрүү:
Тараптар эки өлкөнүн ортосунда тажрыйба, публикацияларды, маалыматтарды жана статистиканы алмашат.
б) маркетинг жана жарнама:
Тараптар бул чөйрөдө программаларды, пропаганданы жана жарнамалык материалдарды, публикацияларды, фильмдерди алмашуу, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу өздөрүнүн туристтик товарларынын жарнамасы жана маркетинги, эки өлкөнүн жарандарын жана тургундарын эс алууга жана саякаттарга чакыруу, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы туристтик визиттер үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн жана туризмдин эксперттерин чакыруу жолу менен кызматташат;
в) туризмдин жеке секторлорунун ортосундагы кызматташуу:
Тараптар эки өлкөдө тең туристтик секторлордун, туроператорлордун жана турагенттиктердин, ошондой эле башка туристтик фирмалардын жана жеке сектордун бюросунун ортосундагы тыгыз кызматташтыкты колдошот.
г) туристтик инвестициялар:
Тараптар мамлекеттик жана жеке сектордогу туризмге инвестициялардын тартылышын колдошот.
Тараптардын кызыкчылыгында туризм тармагындагы долбоорлордун иштелип чыгышына жана ишке ашышына өзгөчө көңүл бурулууга тийиш.
3-берене. Финансылык чыгымдар