Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
«Кыргыз Республикасы менен Бирикке Араб Эмираттарынын ортосундагы Берџџ жљнџндљ» Келишим долбоору (2014-жылдын 29-ноябры) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Долбоор
Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы Берүү жөнүндө
Келишим
КР Президентинин 2014-жылдын 29-ноябрындагы № 210 буйругу менен жактырылган
Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттары (мындан ары «Тараптар» деп аталып),
мамлекеттердин эгемендүүлүгүн урматтоо жана өз ара пайда келтирүү негизинде кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатында эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун натыйжалуулугун жогорулатууну ниеттенип,
эки Тараптын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене. Берүүнүн милдеттенмелери
Ар бир Тарап экинчи Тарапка суроо-тарап келип түшкөн учурда жана ушул Келишимдин жоболорун эске алуу менен Суратылуучу Тараптын аймагында табылган жана Суратуучу Тарапта издөөдө жүргөн адамды берүүгө алып келген Суратуучу Тараптын юрисдикциясынын чектеринде соттук куугунтуктоо же укук бузгандыгы үчүн өкүм чыгаруу же аткаруу максатында аны берүүгө макулдук берет.
2-берене. Берүүгө кириптер кыла турган мыйзам бузуулар
1. Ушул Келишимдин максатына ылайык берүүгө кириптер кыла турган мыйзам бузуу болуп эки Тараптын тең мыйзамдарына ылайык бир жылдан кем эмес мөөнөттө же катуу жаза берүү менен түрмөгө камакка алуу менен жазалана турган мыйзам бузуулар эсептелет.
2. Эгер берүү жөнүндө суроо-талап өткөрүп берүүгө кириптер кыла турган мыйзам бузууга карата чыгарылган түрмөгө камоо же эркиндигинен ажыратуунун башка чарасы жөнүндө өкүмдү аткаруу максатында изделип жүргөн адамга тиешелүү болсо, бул жазанын бүтөөр мөөнөтүнө чейин 6 (алты) айдан аз убакыт калган учурда гана берүүгө уруксат берилет.
3. Кандайдыр-бир мыйзам бузуу эки Тараптын мыйзамдарына ылайык жазага тарта турган мыйзам бузуу болуп эсептелинээри белгиленгенде, төмөнкү пункттар мааниге ээ болбойт:
а) ушул мыйзам бузууну түзгөн аракет же аракетсиздик Тараптардын мыйзамдарына ылайык мыйзам бузуунун ушуга окшош категориясына киреби же бул мыйзам бузуу окшош термин менен берилеби;
b) тараптардын мыйзамдарына ылайык ушул мыйзам бузууну түзүүчү элементтер айырмаланабы, мында Суратуучу Тарап жүргүзгөн аракеттин же аракетсиздиктин бардык жыйындысы Суратылуучу Тараптын мыйзамдарына ылайык берүүгө алып келген мыйзам бузууну камтый турганы көңүлгө алынат.