Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
«Кыргыз Республикасынын жана Тџркмљнстандын ортосундагы Достук, љз ара тџшџнџшџџ жана кызматташуу жљнџндљ» Келишим долбоору (2014-жылдын 24-октябры) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Долбоор
Кыргыз Республикасынын жана Түркмөнстандын ортосундагы Достук, өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө
Келишим
КР Президентинин 2014-жылдын 24-октябрындгы № 183 буйругу менен жактырылган
Кыргыз Республикасы жана Түркмөнстан мындан ары «Жогорку Макулдашуучу Тараптар» деп аталып,
эки элдин ортосундагы салтты, өз ара түшүнүшүүнү жана сый-урматты негизге алып,
теңдик, адилеттүүлүк жана өз ара түшүнүшүү принциптеринде мамлекеттер аралык мамилелерин түзүүгө чечкиндүү умтулуп,
тең укуктуу, өз ара пайдалуу жана ар тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө умтулууну жетекчиликке алып,
Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын максаттарын жана принциптерин, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин жактаарын ырастап,
төмөндөгүлөр боюнча макулдашты:
1-берене.
Жогорку Макулдашуучу Тараптар өз ара ишеним жана урматтын негизинде, өз ара кызыкчылыктарды эске алуу менен эки ортодогу кызматташууну өнүктүрүүгө милдеттенишет.
Жогорку Макулдашуучу Тараптар эки мамлекеттин элдеринин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана достукту бекемдөөгө өбөлгө түзүшөт.
2-берене.
Жогорку Макулдашуучу Тараптар эл аралык коопсуздукту камсыздоо, жаңжалдарды болтурбоо жана эки мамлекеттин ортосундагы эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринин жана ченемдеринин артыкчылыктарын камсыздоо үчүн бардык күч-аракеттерди жумшайт.
3-берене.
Жогорку Макулдашуучу Тараптардын ар бири анын аймагында жашаган экинчи Жогорку Макулдашуучу Тараптын жарандарына алардын улутуна, тегине, диний мамилесине жана башка айырмачылыктарга карабастан, өз мыйзамдарына жана Жогорку Макулдашуучу Тараптар катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык, жарандык, саясий, социалдык, экономикалык жана маданий укуктарга жана эркиндиктерге кепилдик берет.
Жогорку Макулдашуучу Тараптардын ар бири экинчи Жогорку Макулдашуучу Тараптын аймагында жашаган өз жарандарынын укуктарын коргоо, аларга жалпы таанылган эл аралык укуктун принциптерине жана ченемдерине, ошондой эле Жогорку Макулдашуучу Тараптардын ар биринин мыйзамына ылайык колдоо көрсөтүү укугун тааныйт.
4-берене.
Жогорку Макулдашуучу Тараптар пикир алмашуу, эки тараптуу мамилелер маселелерин карап чыгуу жана чечүү жана өз ара кызыкчылык жараткан эл аралык көйгөйлөрдү талкуулоо максатында тиешелүү деңгээлдерде консультацияларды жүргүзөт.