Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 12-августундагы № АД-000679/13-MO токтому |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 12-августундагы токтому
Иш № АД-000679/13-MO
Көзөмөл өндүрүш № 6-545/14 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында:
төрагалык кылуучу: Токбаева А.А.,
судьялар: Акматов Б.Дж., Осмоналиев К.Т.,
катчы: Абышов Б.,
тараптардан: Сатылганов Абдилла, анын жана И.Сатылганов менен А.Сатылганованын өкүлү - К.Джумаев (ишеним каттар 2013-жылдын 14 жана 16-августунан), Өзгөн райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын өкүлү - А.Табалдыев (ишеним кат 2014-жылдын 21-февралынан), Сатылганов Абдырахман жана анын өкүлү - А.Машаева (ишеним кат 2014-жылдын 7-августунан), А.Тургунбаеванын өкүлү - А.Маматовдун (ишеним кат 2014-жылдын 3-мартынан) катышуусунда,
ачык соттук отурумда А.Сатылганов, С.Сатылганова, И.Сатылгановдун Ош областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 20-февралындагы аныктамасына жана чечимине карата келтирген көзөмөл арызын карап,
Ош областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 20-февралындагы аныктамасы менен Өзгөн райондук мамлекеттик нотариалдык контора тарабынан 2012-жылдын 14-декабрында берилген мыйзам боюнча мурас жөнүндө күбөлүктү жана 2013-жылдын 29-июлундагы соода-сатык келишимин жокко чыгаруу жөнүндө доо талаптары өз алдынча өндүрүшкө бөлүнүп, Өзгөн райондук сотуна караштуулугу боюнча жиберилген.
Ош областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 20-февралындагы чечими менен Ош областынын райондор аралык сотунун 2013-жылдын 17-декабрындагы чечими алып салынып, иш боюнча жаңы чечим кабыл алынган. Өзгөн райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы тарабынан Ч № 418019 сандуу жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысын жараксыз деп табуу жөнүндө доо арыздын бөлүгү канааттандыруусуз калтырылган. Апелляциялык арыз жарым-жартылай канааттандырылган. А.Сатылганов, С.Сатылганова, И.Сатылгановдон биргеликте республикалык бюджеттин пайдасына 15 сом мамлекеттик алым өндүрүлгөн
(төрагалык кылуучу: Каримова Р.А., судьялар: Салиев К.А., Эгембердиева А.У.).