|
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
|
| «Кыргыз Республикасынын Љкмљтџ менен Кытай Эл Республикасынын Љкмљтџнџн ортосундагы Эки тараптуу техникалык-экономикалык жардам долбоорлорун ишке ашыруудагы кызматташуунун алкактары жљнџндљ» Макулдашуу долбоору (2014-жылдын 29-сентябры) (кџчџн жоготкон) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эки тараптуу техникалык-экономикалык жардам долбоорлорун ишке ашыруудагы кызматташуунун алкактары жөнүндө
Макулдашуу
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-сентябрындагы № 424-б буйругу менен жактырылган
КР Өкмөтүнүн 2015.24.03. № 120-б буйругуна ылайык күчүн жоготкон
Мындан ары «Кыргыз тарап» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана мындан ары «Кытай тарап» деп аталуучу Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү, мындан ары чогуу «Тараптар» деп аталып,
Кытай тараптан кыргыз тарапка акысыз негизде берилген техникалык-экономикалык жардамды тартуу менен кызматташуунун маанилүү тармактарын чогуу макулдашууда эки Тарапты координациялоо жана өз ара аракеттенүүсүн чыңдоо, ошондой эле техникалык-экономикалык жардам долбоорлорун бекитүү жана ишке ашыруу процесстерин иретке келтирүү максатында,
техникалык-экономикалык жардам долбоорлорун натыйжалуу ишке ашырууну камсыздоо үчүн кызматташуунун өкмөттөр аралык механизмин түзүү зарылдыгын эске алып,
техникалык-экономикалык жардам долбоорлорун ишке ашырууда эки тараптуу кызматташуу алкактарын иштеп чыгуу боюнча кеңешүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Аныктамалар
1. Кыргыз тараптын салымы - техникалык-экономикалык жардамды ийгиликтүү жана сапаттуу ишке ашыруу максатында Кыргыз тараптан техникалык-экономикалык жардам алуучунун материалдык жана материалдык эмес салымы.
2. Кыргыз тараптан техникалык-экономикалык жардам алуучу (Кыргыз тараптан бенефициар) - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.
3. Техникалык-экономикалык жардам долбоорлорун ишке ашыруунун өзгөчө учуру - Тараптардын макулдашуусу боюнча. ушул Макулдашуунун 8-беренесине ылайык ишке ашырылуусу мүмкүн болгон, өзүнчө учурдагы өзгөчөлүктөрү бар техникалык-экономикалык жардам долбоорлору.
4. Кытай персоналы - техникалык-экономикалык жардам долбоорлорун ишке ашыруу үчүн кытай тараптан Кыргыз Республикасына жөнөтүлгөн техникалык, жумушчу жана башкаруучу персонал.
5. Тиричиликте колдонуу үчүн товарлар - техникалык-экономикалык жардам долбоорлорун ишке ашыруу убагында кытай персоналынын колдонуусу үчүн ташылып келген материалдар, техника, жабдуу.
2-берене. Кызматташуунун алкактары