Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 1-4-сентябрындагы № 33 жумалык хроникасы |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын жумалык хроникасы № 33/2014
Валюта рыногундагы жагдай тууралуу
Тышкы таасирлерден (Россиядагы жана Украинадагы жагдайлардан) жана сезондук факторлордон улам (импорттолуп алынган товарларга төлөө зарылчылыгына байланыштуу суроо-талаптын көбөйүшү), учурда ички валюта рыногунда АКШ долларынын сомго карата алмашуу курсу жогорулап жаткандыгы байкалууда. Алсак, АКШ долларынын расмий курсу 3,15%га, бир АКШ доллары үчүн 51,6978ден (2014-жылдын 1-августуна карата) 53,3285 сомго чейин (2014-жылдын 4-сентябрына карата) өскөн. Ал эми жыл башынан 4-сентябрга чейин 8,41%га жогорулаган.
Алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында 2014-жылдын август жана сентябрь айларында Улуттук банк чет өлкө валютасын сатуу боюнча 52,00 млн. АКШ доллар суммасында төрт интервенцияны ишке ашырган.
Белгилей кетсек дем алыш күндөрү валюта рыногунун айрым катышуучулары жогорулатылган алмашуу курсунун эсебинен пайда көрүп калуу максатында, түптөлгөн жагдайдан пайдаланышы ыктымалдыгы орун алууда. Ушундан улам, калайык-калк жана ишкерлер «алып сатарлык» маанайга алдырбастан, чет өлкө валютасындагы операцияларын жана/же төлөмдөрүн иш күндөрү эле жүргүзүшүн сунуш кылабыз.
Улуттук банк ички валюта рыногундагы жана тышкы финансы рынокторундагы жагдайларга үзгүлтүксүз көз салып турат жана зарылчылык келип чыккан шартта, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатына ылайык, алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында тиешелүү операцияларды ишке ашырат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын кеңешчиси Лариса Цыплакова ардактуу эс алууга чыккандыгына байланыштуу ээлеген кызмат ордунан кетти.
Лариса Цыплакова, Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү катары кызмат өтөө мөөнөтү аяктагандан кийин 2014-жылдын январь айында Төраганын кеңешчиси болуп дайындалган.
Маалымдама:
Лариса Николаевна Цыплакова 1973-жылдан 1991-жылга чейин СССРдин Кыргыз Республикасындагы Курулуш банкынын кеңсесинде, андан соң Кыргыз Республикасынын Өнөр жай курулуш банкында катардагы адис кызматынан жетекчиликке чейинки олуттуу эмгек жолун басып өткөн.
1991-жылдан тартып 1994-жылга чейин «Курулуш-Банк» АКБсынын төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеген.
Улуттук банктагы эмгек жолу 1994-жылдын июль айында Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү катары башталып, үч жолу Башкарманын мүчөлүгүнө дайындалып, эксперт жана кеңешчи болуп эмгектенген.