|
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
|
| «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы менен Азербайжан Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик кызмат маселелери боюнча комиссиянын ортосундагы Мамлекеттик кызматты љркџндљтџџ чљйрљсџндљ кызматташуу жљнџндљ» Меморандум долбоору (2014-жылдын 31-июлу) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы менен Азербайжан Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик кызмат маселелери боюнча комиссиянын ортосундагы Мамлекеттик кызматты өркүндөтүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө
Меморандум
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-июлундагы № 294-б буйругу менен жактырылган
Мындан ары «Тараптар» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы жана Азербайжан Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик кызмат маселелери боюнча комиссия,
Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы салтка айланган достук мамилелерди бекемдөөгө умтулуп,
мамлекеттик башкарууну жана мамлекеттик кызматты өнүктүрүүнүн жана жаңылоонун маанилүү экендигин көңүлгө алып,
эки тараптуу кызматташтыктын, мамлекеттик кызматты жаңылоо маселелери боюнча тажрыйба алмашуунун актуалдуулугун эске алуу менен,
өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарын жана эл аралык милдеттенмелерин жетекчиликке алып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене
Ушул Меморандумдун максаты мамлекеттик кызмат жана мамлекеттик башкаруу маселелери боюнча Тараптардын ортосунда кызматташтыкты орнотуу жана андан ары бекемдөө болуп саналат.
2-берене
Тараптар өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык жана өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында төмөнкү багыттар боюнча кызматташууну өнүктүрүшөт:
1. Мамлекеттик органдарда тийиштүү укуктук иштерди уюштуруу жана өткөрүү.
2. Мамлекеттик органдарда кызмат өтөөнүн өзгөчөлүктөрү, тактап айтканда: мамлекеттик кызматка кабыл алуу, кызмат боюнча көтөрүү, кызматтан бошотуу, мамлекеттик кызматчылардын ишин баалоо.
3. Борбордук жана региондук деңгээлдерде кадрларды башкаруу.
4. Кадрлар резервин түзүү жана башкаруу.
5. Кадрларды башкаруунун маалыматтык тутумдарын жана технологияларын түзүү, ишке киргизүү жана иштетүү.
6. Мамлекеттик кызмат тутумунда коррупцияга каршы күрөшүү.
7. Мамлекеттик кызматчыларды окутуунун стратегиясын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу.
8. Мамлекеттик кызматчыларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу тутуму.
9. Мамлекеттик кызматчылардын жүрүм-турумунун этикалык ченемдерин жөнгө салуу.
3-берене
Ушул Меморандумдун алкагында Тараптардын кызматташуусу төмөнкү формаларда жүзөгө ашырылат:
1. Биргелешкен долбоорлорду жана программаларды жүзөгө ашыруу.