|
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 8-майындагы № АД-23/14 МН токтому |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 8-майындагы токтому
Иш № АД-23/14 МН
Көзөмөл өндүрүш № 6-350/14 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында:
төрагалык кылуучу: Осмоналиев К.Т.,
судьялар: Боронбаева Д.С., Джумашов К.О.,
сот отурумунун катчысы: Токтогазиев Р.,
тараптардан: Ж.Кененбаеванын, Нарын шаарынын Мэриясынын өкүлү М.Бабаевдин (ишеним кат 2014-жылдын 7-майынан), Нарын райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын жетекчиси С.Нурмамбетовдун, Э.Казиеванын катышууларында,
соттун ачык отурумунда Ж.Кененбаеванын Нарын шаарынын Мэриясына, Нарын райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасына, Э.Казиевага карата Нарын шаарынын Мэриясынын 2011-жылдын 2-августундагы № 314-б буйругун, Нарын райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын Э.Казиевага берилген 2011-жылдын 6-октябрындагы сериясы Ч № 350116 Мамлекеттик актыны жокко чыгарын берүү жөнүндөгү арызы боюнча кабыл алынган Нарын областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 19-мартындагы аныктамасына карата Ж.Кененбаеванын келтирген көзөмөл тартибиндеги даттануусун карап чыгып,
Нарын областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 19-мартындагы аныктамасы менен Нарын райондор аралык сотунун 2014-жылдын 11-февралындагы чечими толугу менен жокко чыгарылып, иш өндүрүштөн токтотулган.
(Төрагалык кылган: З.Амиракулова, Н.Асанбаев. Т.Ташмамбетов)
Нарын райондор аралык сотунун 2014-жылдын 11-февралындагы чечими менен Ж.Кененбаеванын арызы толугу менен канааттандырылган. Доонун эскирүү мөөнөтү калыбына келтирилген. Нарын шаарынын Мэриясынын 2011-жылдын 2-августундагы № 314-б буйругу жараксыз деп табылган. Нарын райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын Э.Казиевага берилген 2011-жылдын 6-октябрындагы сериясы Ч № 350116 Мамлекеттик акты жараксыз деп табылган. Нарын шаарынын Мэриясынан, Нарын райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан ар биринен 10 сомдон мамлекеттик алым жана 100 сомдон почта чыгымдары мамлекет пайдасына өндүрүлгөн.
(Төрагалык кылган: Акбердиев М.Т.)
ТАПТЫ: