|
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
|
| «Кыргыз Республикасындагы аткаруу љндџрџшџ жљнџндљ жана соттук аткаруучулардын статусу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына љзгљртџџлљрдџ киргизџџ жљнџндљ» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (2014-жылдын 23-апрели) (кабыл алынган) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МЫЙЗАМЫ
«Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-апрелиндеги № 239 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 2-октябрындагы № 4352-V токтомуна ылайык биринчи окууда кабыл алынган
КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 25-декабрындагы № 4643-V токтомуна ылайык экинчи окууда кабыл алынган
КР 2015-жылдын 13-мартындагы № 57 Мыйзамы менен кабыл алынды
1-берене. «Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 4, 160-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2-статья. Аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралуу мыйзамдар
Аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралуу ченемдик укуктук актылардын бирдиктүү тутумун Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер түзөт.»
2. 4-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Соттук аткаруучулар Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин (мындан ары - Сот департаменти) алдында турат.».
3. 11-статьянын 2-бөлүгүндөгү «Сот департаментинин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 12-статьянын 3-бөлүгүнүн 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«9) ушул Мыйзамда каралган соттук аткаруучунун башка укуктарына жана милдеттерине ээ.».
5. 33-статьяда:
- 3-бөлүктүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Аткаруу иш-аракеттери ушул статьянын 4-бөлүгүндө каралган учурлардан тышкары жумуш күндөрү саат 6дан 22ге чейин жүргүзүлөт.».