Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
Суроо-жооп (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
![](https://s.continent-online.com/images/warning.png) | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
![](https://s.continent-online.com/images/warning.png) | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Суроо-жооп
Суроо: Менин суроом «Баатыр эне» наамын эмне үчүн бардык энелерге берген жок. Биз документтерди сельсоветке тапшырганбыз. 9 баланын энеси. Ошондой эле айылда көп балалуу энелер көп. Бирок биздин айылдан бирөө да алган жок. Каякка кайрылыш керек?
Жооп: Урматтуу Гулжамал! Сиздин кайрылууңузду карап чыгып, төмөнкүлөрдү билдиребиз.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 10-июлундагы № УП-234 Жарлыгы менен бекитилген «Баатыр эне» орденинин статутунун 1-пунктуна ылайык «Баатыр эне» ордени менен төмөнкүлөр сыйланат.
- он жана андан ашык бала төрөгөн жана жакшы тарбиялап жаткан, өстүргөн энелер;
- тогуз жана андан ашык балдары бар жана аларды толук баалуу тарбиялап жаткан энелер - 2007-жылдын 1-январынан тартып;
- сегиз жана андан ашык балдары бар жана аларды толук баалуу тарбиялап жаткан энелер - 2008-жылдын 1-январынан тартып;
- жети жана андан ашык балдары бар жана аларды толук баалуу тарбиялап жаткан энелер - 2009-жылдын 1-январынан тартып;
- балдары «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасына татыктуу болгон энелер.
Ошондой эле, сегиз (ал эми 2009-жылдын 1-январынан тартып жети) жана андан ашык балдары бар энелерди «Баатыр эне» ордени менен сыйлоо сегизинчи (ал эми 2009-жылдын 1-январынан тартып жетинчи) бала бир жашка толгондон кийин жана калган балдар аман болгон учурда жүргүзүлөт.
«Баатыр эне» ордени менен сыйлоодо төмөнкүдөй балдар эске алышат:
- энеси мыйзамдарда белгиленген тартипте багып алгандар;
- аскердик, кызматтык жана граждандык парзын аткаруу учурунда курман же дайынсыз болгондор, ошондой эле мында жаракат алуунун, майыптыктын же ооруга чалдыгуунун айынан, же эмгекте майып болуунун же кесиптик ооруга чалдыгуунун айынан каза тапкандар.
Ушуну менен бирге, Кыргыз Республикасынын Президентинин1996-жылдын 10-июлундагы № 234 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө Жобонун 6, 8, 10, 11-пункттарына ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө указдарды чыгарат, мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат, ошондой эле мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүлгөндөрдү ар тараптан, калыс кароо, аларга коомдук баа берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында Мамлекеттик сыйлыктар боюнча Комиссияны түзөт, Комиссия жөнүндө жобону жана анын курамын бекитет.