Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
«Кыргыз Республикасынын Банк кодексин колдонууга киргизџџ жљнџндљ» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (2013-жылдын 27-сентябры) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
![](https://s.continent-online.com/images/warning.png) | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
![](https://s.continent-online.com/images/warning.png) | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Банк кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-сентябрындагы № 529 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 24-июнундагы № 5314-V токтомуна ылайык биринчи окууда кабыл алынган
1-берене
Кыргыз Республикасынын Банк кодекси ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып колдонууга киргизилсин.
2-берене
1. Эгерде бул Мыйзамда башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын Банк кодексинин жоболору ал күчүнө киргизилгенден кийин болуучу банктык укуктук мамилелерге карата колдонулат.
2. Кыргыз Республикасынын Банк кодекси колдонууга киргизилгенге чейин болгон банктык укуктук мамилелер боюнча Банк кодекси ал колдонууга киргизилгенден кийин болгон укуктарга жана милдеттерге карата колдонулат.
3-берене
1. Кыргыз Республикасынын Банк кодекси колдонууга киргизилгенге чейин башталган банктарды түзүү, лицензиялоо, кызмат адамдарына макулдашуу, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан (мындан ары - Улуттук банк) уруксат алуу жана анын чечимдерине даттануу жол-жоболору Кыргыз Республикасынын Банк кодексинде белгиленген тартипке ылайык аягына чыгарылат.
2. Кыргыз Республикасынын Банк кодекси колдонууга киргизилген күндөн тартып банктардагы консервация режими Убактылуу администрация режимине өзгөртүлөт, ал эми банктын консерватору Убактылуу администратордун статусуна ээ болот.
3. Кыргыз Республикасынын Банк кодекси колдонууга киргизилгенге чейин сот тарабынан башталган банктарды мажбурлап жоюу жана/же банкроттоо жол-жобосу сот тартибинде аягына чыгарылат. Сот жана жоюучу Кыргыз Республикасынын Банк кодексинин ченемдерине таянып иштешет.
4-берене
Улуттук банктын төрагасынын орун басарларынын саны алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнгө чейин же бош кызмат оруну түзүлгөнгө чейин сакталаары белгиленсин.
5-берене
1. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж, № 6, 80-ст.; 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1) 1-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин: