Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2013-жылдын 1-августундагы № АД-23/12 МТ токтому |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
![](https://s.continent-online.com/images/warning.png) | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
![](https://s.continent-online.com/images/warning.png) | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2013-жылдын 1-августундагы токтому
Иш № АД-23/12 МТ
Көзөмөл өндүрүшү № 06-275/13 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын курамында:
төрагалык кылуучу судья: Осмоналиев К.Т.,
судьялар: Джумашов К.О., Мухамеджанов А.Ж.,
соттук отурумдун катчысы: Абышов Б.,
тараптар: К.Джумабековдун, Талас шаардык сот аткаруучулардын бөлүмүнүн сот аткаруучусу Нурлан уулу З. катышуусунда, соттун ачык отурумунда иш боюнча кабыл алынган Чүй областынын райондор аралык сотунун 2013-жылдын 17-апрелиндеги аныктамасына, Чүй областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2013-жылдын 20-майындагы аныктамасына карата К.Джумабековдун келтирилген көзөмөл даттануусун карап,
Чүй областынын райондор аралык сотунун 2013-жылдын 17-апрелиндеги аныктамасы менен Джумабеков Касымдын жана Джумабеков Максаттын Талас шаардык сот аткаруучулардын бөлүмүнүн ага соттук аткаруучусу А.Осмоналиевке 25-ноябрь 2010-жылкы № 119 - протоколун жокко чыгаруу жөнүндө арызы кароосуз калтырылган
(төрагалык кылуучу: А.Курманов),
ТАПТЫ:
Чүй областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2013-жылдын 20-майындагы аныктамасы менен Джумабеков Касымдын жеке даттануусу ага тиркелген документтери менен арыз ээсине кайтарылган
(төрагалык кылган судья: Курманбаев Ж.А., судьялар: Исаев Н.Р., Джумагулов А.К.)
Арыздануучу К.Джумабеков жана М.Джумабековдун Талас шаардык сот аткаруучулардын бөлүмүнүн ага соттук аткаруучусу А.Осмоналиевге карата 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 119-протоколун жокко чыгаруу жөнүндөгү арызы менен сотко кайрылган.
Биринчи жана экинчи инстанция соттору тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн соттук актылар кабыл алынган.
Иш боюнча кабыл алынган соттук актылар менен макул болбогон К.Джумабеков көзөмөл иретиндеги даттануу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна кайрылып, анда биринчи инстанция сотунун соттук отуруму тууралуу соттор жиберген дарек боюнча мурдатан бери жашабай калгандыгын, ошондуктан тиешелүү түрдө кабардар болбогондугун, анын өкүлү А.Чойбеков ага карама-каршы иштерди кылып, сот отуруму жөнүндө арыздануучуга билдирбей койгонун көрсөтүп, кабыл алынган Чүй областынын райондор аралык сотунун 2013-жылдын 17-апрелиндеги аныктамасын, Чүй областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2013-жылдын 20-майындагы аныктамасын толугу менен жокко чыгарып, ишти биринчи инстанция сотуна жаңы курамда кароого жиберүүнү сурайт.