Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
«Кыргыз Республикасынын Љкмљтџнџн, «Кыргызалтын» аакнын, «Центерра Голд Инк.» компаниясынын ортосунда «Кумтљр» долбоору боюнча љз ара тџшџнџшџџ жљнџндљ» Меморандум (Жетекчиликке алынуучу принциптер) долбоору (2013-жылдын 9-сентябры) (кџчџн жоготкон) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. Если вы не получили SMS с pin-кодом, звоните в абонентскую службу компании "Wooppay" по телефонам
+7 7212 981090 круглосуточно 24/7, и в службу поддержки +7 7172 795004, +7 7273 441414.
По остальным вопросам обращайтесь в компанию "ИнфоТех&Сервис" по тел.: +7 (727) 222-21-01
<< Назад
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, «Кыргызалтын» аакнын, «Центерра Голд Инк.» компаниясынын ортосунда «Кумтөр» долбоору боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө
Меморандум
(Жетекчиликке алынуучу принциптер)
2013-жылдын 9-сентябры, Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы
КР Өкмөтүнүн 2013.23.12. № 700 токтомуна ылайык күчүн жоготкон
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 505 токтому менен жактырылган
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - «Өкмөт»), «Кыргызалтын» ААКы (мындан ары - «Кыргызалтын», Өкмөт менен бирге - Кыргыз тарап) жана «Центерра Голд Инк.» Компаниясынын жетекчилиги (мындан ары - «Центерра») «Кумтөр» кенине Кыргызалтындын тикелей катышуусун камсыз кылуу үчүн Кыргызалтындын акцияларынын үлүштөрүн кайра түзүмдөштүрүүгө карата 2013-жылдын февралынан тартып тикелей жана ачык дискуссияларды жүргүзүү менен мындан аркы сүйлөшүүлөр үчүн негиз катары ушул Меморандумда баяндалган принциптерди алууну макулдашты, анткени алар акыркы макулдашууга жетишүүгө умтулууда.
1. Кайра түзүмдөштүрүү
1.1. Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргызалтын менен Центерранын ортосунда толук укуктуу өнөк катары биргелешкен ишкана түзүүнү сунуш кылышат. Ушул кайра түзүмдөштүрүүнүн натыйжасында Кыргыз Республикасы «Кумтөр» кенинен алынган пайдадан түздөн-түз пайда алууну күтөт. Күтүлгөндөй тикелей катышуунун натыйжасында 2014- жылдан баштап Кыргыз Республикасына акча каражаттарынын агымы олуттуу түрдө көбөйтүлөт. Центерра Канаданын мыйзамдары талап кылгандай анын башка акционерлерине адилет мамиле кылуу үчүн аталган кайра түзүмдөштүрүүнү жүргүзүүгө даяр экендигин билдирди. Кайра түзүмдөштүрүү төмөнкү принциптерди аныктоого тийиш:
1.2. Кыргыз тарап дагы, Центерра дагы Биргелешкен ишкананын 50% менчигине ээ болушат;
1.3. Кыргыз тарап дагы, Центерра дагы Директорлор кеңешине Кеңештин мүчөлөрүн бирдей санда дайындашат;
1.4. Кыргыз Тарап Директорлор кеңешинин төрагасын дайындайт;
1.5. Центерра Директорлор кеңешинин вице-төрагасын дайындайт;