Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2013-жылдын 16-июлундагы № АД-85/13 МН токтому |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
![](https://s.continent-online.com/images/warning.png) | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
![](https://s.continent-online.com/images/warning.png) | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2013-жылдын 16-июлундагы токтому
Иш № АД-85/13 МН
Көзөмөл Өндүрүшү № 6-250/13-АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы, курамында:
төрагалык кылуучу: Мухамеджанов А.Ж.,
судьялар: Осмоналиев К.Т., Джумашов К.О.,
сот отурумунун катчысы: Абышов Б.,
тараптар: М.Ирсалиев, К.Бейшебаев, алардын өкүлү О.Мадинов (2013-жылдын 27-февралындагы ишеним каттын негизинде), Ш.Жапаровдун өкүлдөрү Б.Жапаров жана И.Калыков (2013-жылдын 8-февралындагы ишеним каттын негизинде), Чолпон айыл кеңешинин өкүлдөрү К.Байтелиев жана Ж.Омүрбеков (2013-жылдын 18-февралындагы ишеним каттардын негизинде), Ара-Кол орто мектебинин директору Т.Кубатов, Кочкор айыл башчысы Т.Жусуповдун катышуусунда,
М.Ирсалиев жана К.Бейшебаев Чолпон айылдык депутаттар кеңешинин IV-чакырылышынын кезектеги ХХШ-сессиясынын 2012-жылдын 17-октябрындагы № 148-токтомун жокко чыгаруу жөнүндө доо арызы боюнча кабыл алынган Нарын областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2013-жылдын 23-апрелиндеги токтомуна Ш.Жапаровдун келтирилген көзөмөл тартибиндеги даттануусун карап чыгып,
ал токтом менен Нарын областынын райондор аралык сотунун 2013-жылдын 28-февралындагы аныктамасы алынып салынган. Иш ошол эле курамда маани-мазмуну боюнча кайра соттук кароого жиберилген. Кассациялык тартиптеги жеке даттануу арызы канааттандырылган,
(төрагалык кылган: М.Байышов, судья-баяндамачы: З.Амиракулова, судья: Т.Ташмамбетов)
Нарын областынын райондор аралык сотунун 2013-жылдын 28-февралындагы аныктамасы менен М.Ирсалиевдин жана К.Бейшебаевдин Кочкор районунун Чолпон айылдык депутаттар кеңешинин 2012-жылдын 17-октябрындагы № 148 сандуу токтомун жокко чыгаруу жөнүндөгү арызы жана Чолпон айылдык депутаттар кеңешинин IV-чакырылышынын кезектеги ХХШ-сессиясынын 2012-жылдын 17-октябрындагы № 22-протоколунун күн тартибиндеги Ара-Кол орто мектебине Ш.Жапаровдун ысымын ыйгаруу боюнча токтомдун долбоорун бекитүү жөнүндөгү бөлүгүн жараксыз деп таап берүү жөнүндөгү кошумча доо арызы боюнча сот ишин жүргүзүү токтотулган,
(судья: М.Акбердиев)
ТАПТЫ:
М.Ирсалиев жана К.Бейшебаев Чолпон айылдык кеңешине карата Чолпон айылдык депутаттар кеңешинин IV-чакырылышынын кезектеги XXIII-сессиясынын 2012-жылдын 17-октябрындагы № 148-токтомун жокко чыгаруу жөнүндө арызы менен сотко кайрылган. Анда, даттанылган токтом менен анын укугу жана мыйзамдуу кызыкчылыгы бузулган деп көрсөтүлгөн.