Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2013-жылдын 4-июлундагы № АД-98/2012 МБа токтому |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2013-жылдын 4-июлундагы токтому
Иш № АД-98/2012 МБа
Көзөмөл өндүрүшү № 6-228/13 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында:
төрагалык кылуучу судья: Боронбаева Д.С.,
судьялар: Токбаева А.А., Осмоналиев К.Т.,
сот отурумунун катчысы: Бекенов Т.,
тараптарсыз
ачык соттук отурумда Джумабаева Назик Набиевнанын Баткен областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2013-жылдын 4-апрелиндеги аныктамасына карата келтирген көзөмөл арызын карап,
Баткен областынын райондор аралык сотунун 2013-жылдын 27-февралындагы аныктамасы менен Лейлек районунун прокурору Лейлек аймактык ооруканасынын кызыкчылыгын көздөп, Лейлек районуна караштуу Исфана шаар башкармалыгына, Сүлүктү-Лейлек аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына, Лейлек аймактык ооруканасына, Джумабаева Назик Набиевнага карата Лейлек районуна караштуу Исфана шаар башкармалыгынын 2008-жылдын 22-октябрындагы № 217-сандуу, 2009-жылдын 11-февралындагы № 82 сандуу токтомдорун жана Лейлек аймактык ооруканасынын жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндөгү № 009799 сандуу мамлекеттик актыны жараксыз деп табуу жөнүндөгү доо арызы кароосуз калтырылган
(судья Абдугапаров А.А.).
Баткен областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2013-жылдын 4-апрелиндеги аныктамасы менен Баткен областынын райондор аралык сотунун 2013-жылдын 27-февралындагы аныктамасы алынып салынган, иш кайра негизинен кароо үчүн ошол эле сотко жөнөтүлгөн.
(судьялар Толубаева У.М., Адинаев А.И., Шеров Т.Ж.)
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын баяндамасын, тараптардын пикирлерин угуп, соттук коллегия
ТАПТЫ:
Лейлек районунун прокурору Лейлек аймактык ооруканасынын кызыкчылыгын кездеп, Лейлек районуна караштуу Исфана шаар башкармалыгына, Сүлүктү-Лейлек аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына, Лейлек аймактык ооруканасына, Джумабаева Назик Набиевнага карата Лейлек районуна караштуу Исфана шаар башкармалыгынын 2008-жылдын 22-октябрындагы № 217-сандуу, 2009-жылдын 11-февралындагы № 82 сандуу токтомдорун жана Лейлек аймактык ооруканасынын жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндөгү № 009799 сандуу мамлекеттик актыны жараксыз деп табуу жөнүндөгү доо арызы менен Баткен областынын райондор аралык сотуна кайрылган.