Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2013-жылдын 11-июлундагы № АД-160/11-МД токтому |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
![](https://s.continent-online.com/images/warning.png) | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
![](https://s.continent-online.com/images/warning.png) | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2013-жылдын 11-июлундагы № токтому
Иш № АД-160/11-МД
Көзөмөл өндүрүшү № 6-220/13 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында:
төрагалык кылуучу: Мухамеджанов А.Ж.
судьялар: Джумашов К.О., Токбаева А.А.
катчы: Бекенов Т.
тараптар: Рамашов С., анын жактоочусу Кулчунов М.А., «Коттон-Оушен» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Ибрагимова Ф.М., анын өкүлү Миркамилов Н., «Коттон-Оушен» жоопкерчилиги чектелген коомунун Жалал-Абад областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2012-жылдын 7-августундагы чечимине карата келтирген көзөмөл даттануусун карап, ал чечим менен Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун 2012-жылдын 24-январындагы чечими жарым-жартылай алынып салынып, «Коттон Оушен» жоопкерчилиги чектелген коомунан 4 292 269, 45 сом С.Рамашовдун пайдасына өндүрүлгөн. «Коттон Оушен» жоопкерчилиги чектелген коомунан 116 884 сом, ал эми С.Рамашовдон 79 708 сом мамлекеттик алым мамлекеттин пайдасына өндүрүлгөн. Чечимдин калган бөлүгү өзгөртүүсүз калтырылып, апелляциялык даттануу жарым-жартылай канааттандырылган
(төрагалык кылган жана судья-баяндоочу: Чаканов Э.С., судьялар: Сарыков Ю.С., Саматов А.А.),
Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун 2012-жылдын 24-январындагы чечими менен С.Рамашовдун арызы жарым-жартылай канааттандырылган. С.Рамашов «Коттон Оушен» жоопкерчилиги чектелген коомунун уюштуруучусунан чыгарылган жана жоопкер «Коттон Оушен» жоопкерчилиги чектелген коомуна 2012-жылдын 1-январына карата түзүлгөн баланстын негизинде анын үлүшүн бөлүп берүү милдеттендирилген. С.Рамашовдун «Коттон Оушен» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Ф.Ибрагимовадан 8 763 092 сом өндүрүү жана «Коттон Оушен» жоопкерчилиги чектелген коомунун мүлкүн бөлүштүрүп берүү жөнүндөгү талабы канааттандыруусуз калтырылган. «Коттон Оушен» жоопкерчилиги чектелген коомунан 1000 сом мамлекеттик алым республикалык бюджетке өндүрүлгөн
(төрагалык кылуучу: Насирова Т.Ж.),
ТАПТЫ:
Рамашов Сабыр Абашович «Коттон Оушен» жоопкерчилиги чектелген коомуна карата «Коттон Оушен» жоопкерчилиги чектелген коомунун Уставынын тиешелүү бөлүгүн жараксыз деп таап, коомдун жетекчиси Ф.Ибрагимовадан 8 763 092 сомду өндүрүү жөнүндөгү арызы менен Жалал-Абад областынын райондор аралык сотуна кайрылган.