Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
«Кыргыз Республикасымын Љкмљтџнљ караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция менен Кытай Эл Республикасынын Сапатты кљзљмљлдљљ, инспекциялоо жана карантин боюнча башкы башкармалыгынын ортосундагы љсџмдџктљрдџ инспекциялоо жана карантин чљйрљсџндљгџ кызматташтык жљнџндљ» Меморандум долбоору (2013-жылдын 30-августу) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Долбоор
Кыргыз Республикасымын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция менен Кытай Эл Республикасынын Сапатты көзөмөлдөө, инспекциялоо жана карантин боюнча башкы башкармалыгынын ортосундагы өсүмдүктөрдү инспекциялоо жана карантин чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө
Меморандум
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-августундагы № 339-б буйругу менен жактырылган
Мындан ары «Тараптар» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жана Кытай Эл Республикасынын Сапатты көзөмөлдөө, инспекциялоо жана карантин боюнча башкы башкармалыгы өсүмдүктөрдүн карантини (фитосанитария) жаатындагы эки тараптуу кызматташтыктын деңгээлин көтөрүү, бир Тараптын мамлекетинин аймагынан экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына зыяндуу карантиндик организмдерди интродукциялоону жана аларды жайылтууну болтурбоо, Кыргыз Республикасында жана Кытай Эл Республикасында өсүмдүктөрдүн продукцияларын жана өсүмдүк ресурстарын коргоо максатында, экономикалык өнүктүрүүгө жана техникалык алмашууга көмөк көрсөтүүнүн зарылдыгын эске алып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Жалпы жоболор
Тараптар өсүмдүктөрдү инспекциялоо жана карантин жаатында (фитосанитария) эки тараптуу кызматташтыкты ишке ашырышат жана өнүктүрүшөт. Бул Меморандумду аткаруу Тараптардын колдонуудагы мыйзамдарына, карантиндик (фитосанитариялык) жана администрациялык жоболорго, карантиндик (фитосанитариялык) контроль эрежелерине ылайык ишке ашырылууга тийиш.
2-берене. Кызматташтыктын мазмуну жана методдору
Тараптар төмөнкүлөр боюнча кызматташууга даярдыктарын билдиришти:
- Карантин жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча эл аралык конвенциянын (K0K3K)/Internationa] Plant Protection Convention (IPPC), Соодадагы техникалык тоскоолдуктар боюнча макулдашуунун жана Дүйнөлүк соода уюмунун Санитардык жана фитосанитариялык чараларын колдонуу боюнча макулдашуунун эрежелерин жана принциптерин көңүлгө алып;
- өздөрүнүн мамлекеттеринин аймактарында карантиндик объекттер (карантиндик зыяндуу организмдер) табылган жана таралган учурлары жөнүндө бири-бирине өз убагында маалымдоо;
- Тараптардын мамлекеттерине өз мамлекеттеринде кабыл алынган Карантиндик объекттердин тизмеси жөнүндө өз убагында билдирүү;