Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
«Кыргыз Республикасынын бажы аймагы аркылуу Россия Федерациясына ?т?п жаткан товарларга бажы контролун ж?рг?з?? жана анын жыйынтыктары тууралуу маалыматты алмашуу ж?н?нд? Кыргыз Республикасынын ?км?т?н? караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Федералдык бажы кызматынын (Россия Федерациясы) ортосундагы» Протокол долбоору (2013-жылдын 3-июлу) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Долбоор
Кыргыз Республикасынын бажы аймагы аркылуу Россия Федерациясына өтүп жаткан товарларга бажы контролун жүргүзүү жана анын жыйынтыктары тууралуу маалыматты алмашуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Федералдык бажы кызматынын (Россия Федерациясы) ортосундагы
Протокол
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-июлундагы № 274-б буйругу менен жактырылган
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Федералдык бажы кызматы (Россия Федерациясы) (мындан ары - Тараптар),
1995-жылдын 20-январындагы Бажы союзу жөнүндө макулдашууну негиз кылып,
үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит болуп өтүп жана Россия Федерациясына ташылып жаткан товарларга бажы контролун жүргүзүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында,
өз ара пайдалуу кызматташуунун зарылдыгын таанып,
төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене.
Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен Россия Федерациясына өтүп жаткан товарларга бажы контролун жүргүзүү жана анын жыйынтыктары тууралуу маалыматты алмашуу ушул Протоколдун Тиркемесинде камтылган жана анын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген Кыргыз Республикасынын бажы аймагы аркылуу Россия Федерациясына өтүп жаткан товарларга бажы контролун жүргүзүү жана анын жыйынтыктары тууралуу маалыматты алмашуу жөнүндө жободо (мындан ары - Жобо) каралган тартипте жүргүзүлөт.
2-берене.
Тараптар маалымат алмашууну төмөнкү максаттар үчүн жүргүзөт:
бажы операцияларын жана бажы жол-жоболорун жүргүзүү үчүн зарыл болгон документтердин санын кыскартуу;
тобокелдикти башкаруу системасын колдонуу менен товарлар тууралуу маалыматты талдоонун негизинде товарларга бажы контролун жүргүзүүнүн формаларын жана методдорун колдонууну азайтуу.
3-берене.
Ушул Протоколго ылайык ташылып кирип жаткан товарларды так эмес декларациялоо же декларациялабоого байланышкан Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдары бузулганы аныкталган учурда, Тараптардын ар бири ушул Протоколдун колдонуусун мындай бузууларга алып келген себептер жоюлганга чейин токтото алат.
4-берене.
Ушул Протоколдун жоболорун аткаруу жана чечмелөө менен байланышкан бардык талаш маселелер Тараптардын ортосунда консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
5-берене.