|
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
|
| «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Кџчтљрџнџн Ички кызматынын уставы жљнџндљ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына љзгљртџџлљрдџ жана толуктоолорду киргизџџ тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (2012-жылдын 13-ноябры) (кабыл алынган) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МЫЙЗАМЫ
«Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-ноябрындагы № 769 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 28-февралындагы № 2822-V токтомуна ылайык биринчи окууда кабыл алынган
КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 30-майындагы № 3138-V токтомуна ылайык экинчи окууда кабыл алынган
КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 172 Мыйзамы менен кабыл алынды
1-берене. «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Эркин-Тоо гезити, 1998-жылдын 16-сентябры, № 133-140) менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Бүткүл текст боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү «коргоо министри», «Кыргыз Республикасынын Коргоо министри» деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө «коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Преамбуланын үчүнчү-бешинчи абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин:
«Ушул Уставды Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн (мындан ары - Куралдуу Күчтөр) аскердик башкаруу органдарынын, аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кесиптик билим берүүнүн аскердик билим берүү мекемелеринин (мындан - ары аскер бөлүктөрү), Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчылары, ошондой эле аскердик кызмат орундарын ээлешкен Куралдуу Күчтөрдүн жарандык персоналынын адамдары жетекчиликке алат.
Уставдын күчү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларына, ошондой эле аскердик жыйындарга чакырылган жарандарга (мындан ары - аскер кызматчылары) жайылтылат.