|
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
|
| Долбоор Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мугалимдин статусу жљнџндљ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына љзгљртџџлљрдџ киргизџџ тууралуу (2012-жылдын 21-августу) (кабыл алынган) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МЫЙЗАМЫ
«Мугалимдин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-августундагы № 574 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 11-октябрындагы № 2372-V токтомуна ылайык биринчи окууда кабыл алынган
КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 13-декабрындагы № 2610-V токтомуна ылайык экинчи окууда кабыл алынган
КР 2013-жылдын 15-январындагы № 3 Мыйзамы менен кабыл алынды
1-берене. «Мугалимдин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2000-ж, № 11, 678-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Мыйзамдын киришмеси төмөнкү редакцияда берилсин:
«1-берене. Ушул Мыйзамды жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам мугалимдин ишине байланышкан мамлекеттик саясаттын принциптерин аныктайт, укуктук, социалдык-экономикалык мамилелерди жөнгө салат жана мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептен тышкаркы билим берүү, атайын билим берүү уюмдарынын, балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин укуктук абалын сапаттуу жакшыртууну камсыз кылган шарттарды түзүүгө, аларды социалдык жактан коргоо кепилдиктерин ишке ашырууга багытталган.».
2. 1-берене төмөнкү редакцияда берилсин:
«1-1-берене. Мугалимдин статусу
Мугалим - зарыл кесиптик билимге жана тиешелүү квалификацияга ээ, мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептен тышкаркы билим берүү, атайын билим берүү уюмдарында, балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча билим берүү уюмдарында иштеген, окутуу, илимий, усулдук, тарбиялык, уюштуруучулук жана жетекчилик иштерди аткаруучу адам.
Педагогдук иштин шарттары жана мүнөзү мугалимдин статусунун мазмунун аныктайт, ал мугалимдин укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин, ошондой эле аларды ишке ашыруунун кепилдиктерин камтыйт.».
3. 2-берененин:
1) 1-бөлүгүндөгү «жалпы орто, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринде» деген сөздөр «мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептен тышкаркы билим берүү, атайын билим берүү уюмдарында, балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча билим берүү уюмдарында» деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 2-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.