Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына љзгљртџџлљрдџ киргизџџ жљнџндљ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Долбоор) (2012-жылдын 3-августунда) (кабыл алынган) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Долбоор
кыргыз республикасынын
мыйзамы
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-августундагы № 540 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 4-октябрындагы № 2347-V токтомуна ылайык биринчи окууда кабыл алынган
КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-ноябрындагы № 2545-V токтомуна ылайык экинчи окууда кабыл алынган
КР 2013-жылдын 19-февралындагы № 22 Мыйзамы менен кабыл алынды
1-берене. «Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2004-ж., № 11, 514-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Бүткүл текст боюнча:
1) түрдүү жөндөмөдөгү «Конституциялык сотунун» деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү «Жогорку соттун Конституциялык палатасынын» деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) түрдүү жөндөмөдөгү «салык кызматы» деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү «ыйгарым укуктуу салык органы» деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) түрдүү жөндөмөдөгү «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиги» деген сөздөр «Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу орган» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 1-статьянын 1-пунктунда:
1) экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси, жетекчисинин орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалуучу мамлекеттик органдардын жетекчилери;»;
2) сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Кыргыз Республикасынын министрлери жана мамлекеттик комитеттеринин төрагалары, администрациялык ведомстволордун жетекчилери;»;
3) он төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын жана ыйгарым укуктуу салык органдарынын борбордук жана жергиликтүү жетекчилери;».