Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Љкмљтџ менен Армения Республикасынын Љкмљтџнџн ортосундагы Кош салык салуудан качуу жана киреше салыгын тљлљљдљн четтљљнџ болтурбоо жљнџндљ макулдашуу (2012-жылдын 18-июлунда) (кџчџн жоготкон) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Армения Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы
Кош салык салуудан качуу жана киреше салыгын төлөөдөн четтөөнү болтурбоо жөнүндө
макулдашуу
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июлундагы № 359-б буйругу менен жактырылган
КР Өкмөтүнүн 2017.11.05. № 151-б буйругуна ылайык күчүн жоготкон
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Армения Республикасынын Өкмөтү Кош салык салуудан качуу жана киреше салыгын төлөөдөн четтөөнү болтурбоо жөнүндө Макулдашуу түзүүнү каалоо жана өзүнүн экономикалык, илимий, техникалык жана маданий кызматташууну өнүктүрүүгө жана чыңдоого болгон умтулуусун ырастоо менен,
төмөндөгүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене. Макулдашуу колдонула турган жактар
Ушул Макулдашуу бир же эки Макулдашкан мамлекеттин резиденттери болуп эсептелген жактарга карата колдонулат.
2-берене. Макулдашуу жайылтыла турган салыктар
1. Ушул Макулдашуу салыктарды алуунун ыкмасына карабастан, Макулдашкан мамлекеттердин колдонуудагы мыйзамдарына ылайык Макулдашкан мамлекеттин же анын аймактык-администрациялык бөлүмүнүн же жергиликтүү бийлик органдарынын атынан колдонулат.
2. Кирешелердин жалпы суммасынан же алардын айрым элементтеринен алынуучу бардык салыктар, анын ичинде кыймылдуу же кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуудан түшкөн кирешелерден алынуучу салыктар, ишканалар тарабынан төлөнүүчү эмгек акынын жалпы суммасынан алынуучу салыктар, ошондой эле капиталдын өсүшүнөн түшкөн кирешелерден алынуучу салыктар кирешеден алынуучу салыктар деп эсептелет.
3. Ушул Макулдашуу жайылтыла турган салыктар, атап айтканда төмөндөгүлөр болуп эсептелет:
a) Кыргызстанда:
(1) юридикалык жактардын пайдасынан жана кирешелеринен алынуучу салык;
(i) жеке жактардан алынуучу киреше салыгы
(мындан ары - «кыргыз салыктары» деп аталат);
b) Армения Республикасында:
(i) пайдадан алынуучу салык;
(ii) киреше салыгы;
(мындан ары - «армян салыктары» деп аталат)
4. Ушул Макулдашууга кол коюлган күндөн кийин орун алган салыктарга толуктоо катары же алардын ордуна алына турган ар кандай окшош же маңызы боюнча ушул сыяктуу салыктарга карата да ушул Макулдашуу колдонулат. тиешелүү салык мыйзамдарына киргизилген ар кандай олуттуу өзгөрүүлөр жөнүндө бири-бирине кабарлап турушат.
3-берене. Жалпы аныктамалар
1. Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн: