Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын судьясынын кызматына сынактык тандоо љткљрџџнџн тартиби жљнџндљ жобо (Кыргыз Республикасынын Сотторду тандоо боюнча кењешинин 2012-жылдын 19-июнундагы чечими менен бекитилген) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Кыргыз Республикасынын
Сотторду тандоо боюнча кеңешинин
2012-жылдын 19-июнундагы
чечими менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын судьясынын кызматына сынактык тандоо өткөрүүнүн тартиби жөнүндө
жобо
Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын судьясынын кызматына сынактык тандоо өткөрүүнүн (мындан ары - сынактык тандоо) шарттарын жана тартибин аныктайт.
Кыргыз Республикасынын судьясынын кызматына сынактык тандоо өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобо (мындан ары - Жобо), Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын сотторунун макамы жөнүндө» Конституциялык мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Сотторду тандоо боюнча кеңеши жөнүндө» Мыйзамына (мындан ары - Мыйзам) жана Кыргыз Республикасынын Сотторду тандоо боюнча кеңешинин Регламентине ылайык иштелип чыкты.
I. Жалпы жобо
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун (мындан ары - Жогорку сот), Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын (мындан ары - Конституциялык палата), Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун (мындан ары - жергиликтүү соттор) судьясынын кызматына талаптанган жактар сынактык тандоодон өтүшөт.
2. Сынактык тандоо жетишээрлик юридикалык билими, кесипкөй, иштиктүү жана инсандык сапаты, интеллектуалдык жөндөмдүүлүгү, коммуникативдик жөндөмү жана судья кызматында жигердүү иштөө ыгы бар татыктуу адамдарды аныктоого шарт түзө турган өз ара байланышкан иш-чаралар жыйындысы болуп саналат.
3. Сынактык тандоонун катышуучусу (талапкер) - бул сынактык тандоого катышуу үчүн арызын берген жана ага ушул Жободо белгиленген тартипте катышууга жөнөтүлгөн адам.
4. Сынактык тандоо Кыргыз Республикасынын Сотторду тандоо боюнча кеңеши (мындан ары - Кеңеш) тарабынан үч айлампада өткөрүлөт.
5. Сынак ар бир бош кызмат орду боюнча өзүнчө жана ар бир талапкерге карата кезеги менен өткөрүлөт.
6. Сынактык тандоону өткөрүүдө талапкерлерге Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык укуктар менен мүмкүнчүлүктөрдүн теңдиги камсыз кылынат. Сынактык тандоону өткөрүүнүн объективдүүлүгү шарттардын, убакыттын, жыйынтыктарды эсептөөнүн стандарттуулугу жана бирдейлиги менен камсыз кылынат.
7. Кеңеш сынактык тандоонун өтмө баллын жыл сайын бекитет. өтмө балл жалпы сынактык тандоо үчүн максималдуу мүмкүн болуучу баллдарынын суммасынын жарым баллынын эсеби менен аныкталат.