Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2012-жылдын 26-апрелиндеги № АД-000097/10-МО токтому |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер
боюнча соттук коллегиясынын 2012-жылдын 26-апрелиндеги № АД-000097/10-МО токтому
Иш № АД-000097/10-МО
Көзөмөл өндүрүшү № 6-231/12 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында:
төрагалык кылуучу: судья Жороев К.Ж.,
судьялар: Алыбаева Н.А., Арапбаев Н.М.,
соттук отурумдун катчысы: Бекенов Т.,
тараптар: Исакова Г., Жумагулов З. жана жактоочусу А.Истанбековдун (2012-жылдын 25-апрелиндеги № 035 табыштоо ордери) катышуусу менен,
ачык соттук отурумда арыз берүүчү Г.Исакова Өзгөн райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо боюнча башкармалыгына, Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүнө, Жумагулов Зергерге карата Куршаб айыл өкмөтүнүн № 354 токтомун жараксыз деп таап, З.Жумагуловду анын үйүнө өтүүчү жер аянтын бошотуп берүүгө милдеттендирүү жөнүндөгү арызы боюнча кабыл алынган Ош областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2011-жылдын 18-ноябрындагы аныктамасына карата көзөмөл иретинде келтирген З.Жумагуловдун даттануусу карап, (даттанылып жаткан соттук актыны кабыл алган судьялар: Төрагалык кылуучу судья Галиева Ж.Д., судьялар: Кадыров К.С., Кубатов А.Э.).
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы Н.Арапбаевдин баяндамасын, иш боюнча тараптардын пикирлерин угуп, соттук коллегия,
тапты:
Арыздануучу Исакова Гулайым Ош областынын райондор аралык сотуна арыз менен кайрылып, анда Куршаб айыл өкмөтүнүн 2006-жылдын 15-февралындагы № 1440 токтому менен Калдыбаев Бакыт 960 чарчы метр жер аянтына курулган үйдүн ээси деп табылгандыгын, 2009-жылдын 30-июнундагы сатуу-сатып алуу келишиминин негизинде аталган үйдү сатып алгандыгын, үйгө кирүүчү жолду Жумагулов Зергер тосуп алгандыгын, 2002-жылдын 18-июлундагы № 354 токтому менен З.Жумагуловго кошумча 440 чарчы метр жер аянты берилгендигин, З.Жумагуловго берилген № 354 токтому жасалгалоо жолу менен чыгарылгандыгын билдирип, арызын канааттандырып берүүнү сураган.
Ош областынын райондор аралык сотунун 2010-жылдын 28-майындагы чечими менен Исакова Гулайымдын арызы канааттандырылган. Куршаб айыл өкмөтүнүн Жумагулов Зергерге 14440,84 чарчы метр жер аянты бекитилип берилсин деген редакциядагы 18-июнь 2002-жылдагы № 354 токтому жараксыз деп табылып, Жумагулов Зергер ээлеген 356,84 чарчы метр жер аянттын бошотуп берүүгө милдеттендирилген. Жумагулов Зергерден республикалык бюджетке 20 (жыйырма) сом мамлекеттик жыйым өндүрүлгөн (судья Токбаева А.).