Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жљнџндљ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Долбоор) (2012-жылдын 8-июнунда) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Долбоор
Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы
Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 8-июнундагы № 384 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 20-декабрындагы № 2630-V токтомуна ылайык биринчи окууда кабыл алынган
КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 7-мартындагы № 2859-V токтомуна ылайык экинчи окууда кабыл алынган
Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери Кыргыз Республикасынын эл аралык мамилелеринин укуктук негизи болуп саналат.
Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле жалпы таанылган эл аралык укуктун принциптери жана ченемдери Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын негизги курамдык бөлүгү болуп саналат.
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Бул Мыйзамды пайдалануунун милдеттери жана чөйрөсү
1. Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерди түзүү, аткаруу, токтотуу жана денонсациялоо тартибин белгилейт.
Эл аралык келишимдер эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана эл аралык келишимдин өзүнүн жоболоруна ылайык Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлөт, аткарылат, токтотулат жана денонсацияланат.
2. Бул Мыйзам менен белгиленген Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин түзүү, аткаруу, токтотуу жана денонсациялоо тартиби түрүнө, формасына жана аталышына карабастан Кыргыз Республикасынын бардык эл аралык келишимдерине карата пайдаланылат.
2-берене. Терминдердин пайдаланылышы
Бул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөндөгү терминдер колдонулат:
Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери - Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, Кыргыз Республикасынын мыйзамы жана башка ченемдик укуктук актылары тарабынан белгиленген тартипте күчүнө кирген жана Кыргыз Республикасынын бир же бир нече мамлекеттер, эл аралык уюмдар же эл аралык мамилелер тармагында укук жана милдеттерге тиешелүү эл аралык укуктун башка субъектилери менен тең жана ыктыярдуу макулдашуусун билдирген эл аралык келишим;
түзүү - эл аралык келишимдин долбоорунун текстин даярдоо, аны кабыл алуу, эл аралык келишимдин текстинин бирдейлигин аныктоо жана анын милдеттүүлүгүнө карата макулдашууну билдирүү боюнча иштердин ырааттуу түрдө ишке ашырылышы;