Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
«Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жљнџндљ кодексине љзгљртџџлљрдџ жана толуктоолорду киргизџџ тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Долбоор) (2012-жылдын 8-июнунда) (кабыл алынган) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Долбоор
Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 8-июнундагы № 382 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2240-V токтомуна ылайык биринчи окууда кабыл алынган
КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2241-V токтомуна ылайык экинчи окууда кабыл алынган
Кабыл алынган - КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 142 Мыйзамын караңыз
1-берене. Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 5-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк жана эскертүү менен толукталсын:
«Администрациялык жоопкерчиликке тартылып жаткан адам өзүнүн күнөөлүү эместигин далилдөөгө милдеттүү эмес, буга ушул статьянын эскертүүсүндө каралган учурлар кирбейт.
Эскертүү. Ушул статьянын экинчи бөлүгүнүн жобосу бул Кодекстин 20-главасында каралган, транспорт каражаттарын пайдалануу менен жасалган администрациялык укук бузууларга, бул администрациялык укук бузуулар фото- жана кино тартуу, видеожазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген сертификацияланган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттары менен белгиленген учурда, жайылтылбайт.».
2. 23-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: «Эгерде бул Кодекстин 20-главасында ушул глава менен белгиленген ченемдер жеке же юридикалык жакка гана карата колдонула тургандыгы каралбаса, бул ченемдер жеке, ошондой эле юридикалык жакка карата бирдей өлчөмдө күчүндө болот, буга маңызы боюнча ушул ченемдер жеке жакка карата гана же юридикалык жакка карата гана таандык же аларга карата колдонулушу мүмкүн болгон учурлар кирбейт.».
3. 28-статьяда:
- экинчи бөлүктө «Жол кыймылынын эрежелерин билүүсүн текшерүү,» деген сөздөр алып салынсын;
- үчүнчү бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«3. Администрациялык укук бузууну жасоонун куралы же анын түздөн-түз объекти болуп саналган буюмдарды конфискациялоо, Жол кыймылынын эрежелерин билүүсүн текшерүү кошумча администрациялык жаза чара көрүү катары гана белгиленет жана колдонулат.».