Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
«Кыргыз Республикасынын Салык кодексине љзгљртџџлљрдџ жана толуктоолорду киргизџџ жљнџндљ» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (2012-жылдын 2-июнунда) (кабыл алынган) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
![](https://s.continent-online.com/images/warning.png) | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
![](https://s.continent-online.com/images/warning.png) | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Долбоор
Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 377 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 11-октябрындагы № 2364-V токтомуна ылайык биринчи окууда кабыл алынган
КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 13-декабрындагы № 2599-V токтомуна ылайык экинчи окууда кабыл алынган
КР 2013-жылдын 20-февралындагы № 25 Мыйзамы менен кабыл алынды
1-берене. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2008-ж. № 8, 922-б.) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 17-берененин 5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«5) ушул Кодекстин XIII жана XIV бөлүмдөрүндө, 53- жана 54-главаларында каралган салыктарды чогултуу боюнча салык кызматынын органдары менен бирдикте контролдоону ишке ашырган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;».
2. 50-берененин 1-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 15-пункт менен толукталсын:
«15) салыктарды чогултуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин контролдоо.».
3. Кодекс төмөнкү мазмундагы 52-1-берене менен толукталсын:
«52-1-берене. Салыктык укук мамилелер чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктары жана милдеттери
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ушул Кодекстин XIII жана XIV бөлүмдөрүндө, 53- жана 54-главаларында каралган салыктарды чогултууну ишке ашырууга;
2) эгер ушул пунктта башкача каралбаса, ушул Кодекстин 93-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4- жана 5-пункттарына ылайык салык контролун жүргүзүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын табылган бузууларды четтетүүнү талап кылууга жана көрсөтүлгөн талаптардын аткарылышын контролдоого;
4) салык кызматынын органдарынан жана салык салынуучу объекттер жана ушул Кодекстин XIII жана XIV бөлүмдөрүндө каралган салыктар боюнча салыктык милдеттерди эсептөө менен байланышкан башка мамлекеттик органдардан маалыматтарды алууга.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Кодекстин 108-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1- жана 3-пункттарында каралган Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын сакталышына рейддик салык контролун ишке ашырышат.