Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
«Љндџрџш жана керектљљ калдыктары жљнџндљ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына љзгљртџџлљрдџ жана толуктоолорду киргизџџ тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Долбоор) (2012-жылдын 7-июнунда) (сурап алынган) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
![](https://s.continent-online.com/images/warning.png) | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
![](https://s.continent-online.com/images/warning.png) | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МЫЙЗАМЫ
«Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 7-июнундагы № 380 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-августундагы № 448 токтомуна ылайык кайра сурап алынган
1-берене. Кыргыз Республикасынын «Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө» Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2001-ж., № 10, 370-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-берененин 2-бөлүгүндөгү «эл аралык келишимдер» деген сөздөр «Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон, мыйзамда аныкталган тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 2-беренеде:
1) төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин;
2) төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын:
«калдыктар менен иштөө тармагындагы саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - калдыктар менен иштөө тармагындагы мамилелерди жөнгө салууга Өкмөт тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган;
калдыктар менен иштөө тармагында көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - калдыктарга менен иштөө тармагында коопсуздуктун камсыздалышын көзөмөлдөө-контролдоо үчүн Өкмөт тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган;».
3. 5-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5-берене. Ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдардын компетенциясы Калдыктар менен иштөө тармагындагы саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
калдыктарга менен иштөөгө байланышкан документтерге мамлекеттик экологиялык экспертиза жасоо;
калдыктар менен экологиялык коопсуз иштөөнүн тартибин жөнгө салуучу жана калдыктардын айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугу үчүн коопсуздугуна талаптарды белгилеген ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу; калдыктардын мамлекеттик кадастрынын жүргүзүлүшүн уюштуруу; мыйзамда аныкталган тартипте калдыктар менен иштөө тармагында эл аралык кызматташтыкты жүргүзүү, эл аралык тажрыйбаны үйрөнүү, жалпылоо жана жайылтуу;