Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
«Коррупциянын же салыктарды жашыруунун мџмкџн болуучу фактылары жљнџндљ билдирген адамдар тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Долбоор) (2012-жылдын 28-майында) (сурап алынган) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Долбоор
Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы
Коррупциянын же салыктарды жашыруунун мүмкүн болуучу фактылары жөнүндө билдирген адамдар тууралуу
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 328 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-ноябрындагы № 775 токтомуна ылайык кайра сурап алынган
1-берене. Ушул Мыйзамды жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам мамлекетке материалдык зыян алып келген коррупциянын фактысы же салыктарды жашыруунун фактысы жөнүндө билдирген адамдын кайрылуусун кароо тартибин, ошондой эле ушул адамга мамлекет тарабынан акчалай сыйакы төлөп берүү тартибин карайт.
2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
1. Коррупциянын же салыктарды жашыруунун фактысы жөнүндө билдирген адам - аткаруу бийлигинин органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана башка уюмдарда эмгектенген же түздөн-түз байланышта болгон жеке адам (бир нече адам), ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттери.
2. Коррупциянын же салыктарды жашыруунун фактысы жөнүндө арыз - мамлекеттик каражаттарды уурдоо же мамлекеттин бюджетине каражаттардын толук түшпөгөндүгүнүн фактысы жөнүндө же салыктарды жашыруу жөнүндө маалымат камтылган билдирүү.
3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - прокуратура органдары. Коррупциянын же салыктарды жашыруунун фактысы жөнүндө арыз ушул органдарга берилет.
3-берене. Коррупциянын же салыктарды жашыруунун фактысы жөнүндө билдирген адамдын укуктары
1. Коррупциянын же салыктарды жашыруунун фактысы жөнүндө арыз жазган адам ушул туурасында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүүгө укуктуу.
2. Коррупциянын же салыктарды жашыруунун фактысы жөнүндө билдирген адам ушундай фактынын табылгандыгы жөнүндө кимдир-бирөөгө айтууга жана ап туурасында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өзүнүн кабарлоо ниети жөнүндө билдирүүгө милдеттүү эмес.
4-берене. Коррупциянын же салыктарды жашыруунун фактысы жөнүндө арызды берүү тартиби
Адамдын коррупциянын же салыктарды жашыруунун фактысы жөнүндө арызы төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
1) аты-жөнү;
2) туулган жылы;
3) дареги жана телефон номуру;
4) иштеген (окуган) жери жана ээлеген кызматы (болсо);
5) арыз ээсинин пикири боюнча коррупция же салыктарды жашыруу фактысын жасаган адамдын аты-жөнү;