Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
«Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жљнџндљ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына љзгљрџџлљрдџ жана толуктоолорду киргизџџ тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Долбоор) (2012-жылдын 6-апрелинде) (кабыл алынган ) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
![](https://s.continent-online.com/images/warning.png) | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
![](https://s.continent-online.com/images/warning.png) | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Долбоор
Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы
«Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөрүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы № 65 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 6-апрелиндеги № 1773-V токтомуна ылайык биринчи окууда кабыл алынган
КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 24-майындагы № 1931-V токтомуна ылайык экинчи окууда кабыл алынган
Кабыл алынган - КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 143 Мыйзамын караңыз
1-берене. «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2000-ж., № 1, 16-6.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын преамбуласы төмөндөгү мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
«Маданий мурастардын объектилери Кыргыз Республикасынын көп улуттуу бүткүл эли үчүн уникалдуу байлык болуп эсептелет».
2. 11-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«Уюштуруу-укуктук жана менчигинин түрлөрүнө карабастан юридикалык жактар жана жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тарыхый-маданий мурастарды коргоодо, пайдаланууда жана жайылтууда мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана илимий мекемелерге көмөк көрсөтүшөт.».
3. 21-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«21-берене. Тарыхый-маданий мурастардын объектилеринин мамлекеттик эсебин уюштуруу
Кыргыз Республикасынын кыймылсыз тарыхый-маданий мурас объектилери жөнүндө маалыматтар республикалык маанидеги Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарынын объектилеринин тизмесине киргизилет. Тизмени жүргүзүүнүн тартиби жана Тизмени жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Тизме тарыхый-маданий мурас объектисинин атын, Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объектилеринин турган жерин, тизмеге киргизилген датасын, изилденген даражасын, абалын, өлчөмүн, менчиктик формасын, аймактык чек арасын, ошондой эле коргоо зоналары жөнүндөгү маалымат тутумунан турат.