Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жумалык жањылыктары (Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын пресс-релизи № 42, 2010-жылдын 25-29-октябры) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жумалык жаңылыктары
2010-жылдын 27-октябрында Бишкек шаардык сотунун Бишкек шаарынын Райондор аралык сотунун 2010-жылдын 27-августундагы «АзияУниверсалБанк» ААКын банкрот деп таануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын арызын канааттандыруудан баш тартуу тууралуу чечимине карата апелляциялык даттануусун кароо боюнча соттук отуруму өткөн.
Бишкек шаардык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы Бишкек шаарынын Экономикалык иштер боюнча райондор аралык сотунун 2010-жылдын 27-августундагы чечимин толугу менен жокко чыгарган жана «АзияУниверсалБанк» ААКын төлөөгө жарамсыз деп тааныган жаңы чечим кабыл алган. «АзияУниверсалБанк» ААКын банкроттоо жол-жобосу башталган жана «АзияУниверсалБанк» ААКынын атайын администратору болуп Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын алдындагы Банктарды кайра түзүү жана карыздарды реструктуризациялоо агенттиги (ДЕБРА) бекитилген.
Банктык эмес финансы-кредит мекемелердин жаңылыктары
Улуттук банк тарабынан төмөнкү банктык эмес финансы-кредит мекемелерге лицензиялар (күбөлүктөр) берилген:
1. КФ «Шумкар» МКАсына жеке адамдарга жана юридикалык жактарга чакан кредиттерди берүүгө 2010-жылдын 25-октябрында берилген № 197 күбөлүк. Юридикалык дареги: Талас областы, Талас району, Сасык-Булак айылы, А.Байдешов көчөсү, № 19.
2. «Мэри-Клуб» ЖЧКсына нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2010-жылдын 28-октябрында берилген № 4506 лицензия. Алмашуу бюросу 2622 номеринде катталган. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Горький көчөсү, 33
3. Жеке ишкер Мавланов Таалайбек Хатамбековичке нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2010-жылдын 28-октябрында берилген № 4505 лицензия. Алмашуу бюросу 2621 номеринде катталган. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Жибек Жолу көчөсү, 251.
4. КЖК «Үмүт» ломбардына нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2010-жылдын 27-октябрында берилген № 4504 лицензия. Алмашуу бюросу 2620 номеринде катталган. Юридикалык дареги: Чүй областы, Кара-Балта шаары, Кожомбердиев көчөсү, «Жайыл» базары, № 5 павильон.
5. Жеке ишкер Кокуев Садыкжан Ураимжановичке нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2010-жылдын 27-октябрында берилген № 4503 лицензия. Юридикалык дареги: Ош областы, Кара-Суу шаары, «Туратали» борбордук базары, 0-катар, 20-контейнер.