Поиск 
Введите текст для поиска, например, Налоговый кодекс Украины
Найти
Кодексы бесплатно      
<< Назад
Далее >>
0
0
Два документа рядом (откл)
Сохранить(документ)
Распечатать
Копировать в Word
Скрыть комментарии системы
Информация о документе
Справка документа
Поставить на контроль
В избранное
Посмотреть мои закладки
Скрыть мои комментарии
Посмотреть мои комментарии
Сравнение редакций
Увеличить шрифт
Уменьшить шрифт
Корреспонденты
Респонденты
Сообщить об ошибке

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын жумалык жаңылыктары (Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын пресс-релизи, № 23 (751) (2010-жылдын 14-18-июну))

Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
Получить полный доступ к документу
Вход для пользователей
Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын жумалык жањылыктары (Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын пресс-релизи, № 23 (751) (2010-жылдын 14-18-июну))
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.

Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
Контактный телефон: +7 (495) 972-24-02, email: info@continent-online.com
  • Поставить закладку
  • Посмотреть закладки
  • Добавить комментарий

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын жумалык жаңылыктары

 

Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 16-июнунда өткөрүлгөн отурумунда төмөнкү маселелер каралган жана алар боюнча тиешелүү токтомдор кабыл алынган:

- «Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компанияларды лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө жобого» өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу (№ 49/4);

- Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 25-декабрында 118-07 номеринде катталган «Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү жөнүндө» токтомуна } өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (№ 49/5).

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, 2010-жылдын 20-июнунда Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү тарабынан «АзияУниверсалБанк» ААКын («АУБ» ААКын) реабилитациялоо планын бекитүү жөнүндө токтомго кол коюлгандыгы тууралуу билдирет. «АУБ» ААКын реабилитациялоо планы Убактылуу Өкмөттүн кароосуна Финансы министрлиги жана Улуттук банк тарабынан Убактылуу Өкмөттүн 2010-жылдын 7-июнундагы № 56 Декретине ылайык сунушталган.

Реабилитациялоо планына ылайык Улуттук банкка, «ликвиддүүлүктү кармап туруу үчүн банктын бардык активдерин күрөөгө алуу менен 6 айга «АУБ» ААКына 1 млрд. 500 млн. сом өлчөмүндөгү өзгөчө кредитти берүү» тапшырылат.

Мамлекеттик мүлк министрлиги, үч күн мөөнөт ичинде «АзияУниверсалБанк» ААКынын акцияларына менчик укугун банктын акционерлер реестрине тиешелүү жазууларды жүргүзүү менен мамлекеттин пайдасына өткөрүүнү жүзөгө ашырышы жана белгиленген тартипте банктын финансылык абалына көз карандысыз баа берүү максатында аудитордук компанияны тандоо боюнча тендер өткөрүшү зарыл.

Финансы министрлигине «АУБ» ААКын капиталдаштырууну жүргүзүү жана учурда иштелип жаткан Кыргыз Республикасынын 2010-жылга каралган республикалык бюджетине түзөтүүлөр долбооруна тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырылат.

«АУБ» ААКын реабилитациялоонун бекитилген планынын алкагында каралган бул чаралардын бардыгы, эң алгач, банкты сактап калууга жана анын андан аркы иштешин камсыз кылууга, ошондой эле бардык финансы-банк тутумунун туруктуулугуна колдоо көрсөтүүгө багытталган.