|
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
|
| «Юридикалык жактарды, филиалдарды (љкџлчџлџктљрдџ) мамлекеттик каттоо жљнџндљ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Долбоор) (2008-жылдын 24-сентябрында) (кабыл алынган) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Долбоор
Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы
Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-сентябрындагы № 533 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 5-декабрындагы № 789-IV токтомуна ылайык биринчи окууда кабыл алынган
Кабыл алынган - КР 2009-жылдын 20-февралындагы № 57 Мыйзамын караңыз
1-берене. Бул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелер
1. Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) жана иш-аракетин токтотууну каттоодо келип чыккан мамилелерди жөнгө салат.
2. Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана иш-аракетин токтотууну каттоо (мындан ары «каттоо») - юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестрине (мындан ары - «мамлекеттик реестр»), юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) түзүү, кайра түзүү жана жоюу жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган башка маалыматтарды киргизүү аркылуу ишке ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аракети.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлүп жаткан баардык юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр), Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында тигил же бул юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) үчүн башка каттоо тартиби караштырылгандан тышкары учурларда, ушул Мыйзамга ылайык мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.
4. Кыргыз Республикасында юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо, эгерде Мыйзамда башкача белгиленбесе кабарлоо мүнөзүнө ээ. Мамлекеттик каттоону ишке ашырууда, мамлекеттик каттоо билдирүү мүнөзүнө ээ саясий партиялардан, диний уюмдардан, башка коммерциялык эмес уюмдардан тышкары, документтердин ушул Мыйзамда каралган тизмеге ылайыктыгы текшерилет.
2-берене. Мамлекеттик каттоону ишке ашырган мамлекеттик орган
Мамлекеттик каттоону ишке ашырган ыйгарым укуктуу орган болуп Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана анын аймактык органдары (мындан ары - «каттоочу орган») эсептелет.
3-берене. Каттоонун максаттары
Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик каттоо: