Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
«Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунда кызмат љтљљ жљнџндљ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Долбоор) (2011-жылдын 11-ноябрында) (кџчџн жоготкон) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Долбоор
Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы
Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунда кызмат өтөө жөнүндө
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 715 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы № 52 токтомунана ылайык кайра сурап алынган
Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунда (мындан ары - жазык-аткаруу тутуму) кызмат өтөөнүн тартибин жана шарттарын аныктайт.
Ушул Мыйзам жазык-аткаруу тутумунун аскер кызматчыларына колдонулбайт, таркатылбайт.
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Жазык-аткаруу тутумунда кызмат өтөө
1. Жазык-аткаруу тутумунда кызмат өтөө, бул мамлекеттик орган үчүн мыйзамдарда аныкталган максаттарды, милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу боюнча кесиптик ишти жүзөгө ашыруучу, Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик кызматынын түрү болуп саналат.
2. Жазык-аткаруу тутумунда кызмат өтөө мыйзамдуулук, инсан менен жарандын укуктарын сактоо жана урматтоо, гуманизм, ачыктык, жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлеринин мамлекеттик бийликтин жана башкаруунун тиешелүү органдарынын контролун болуусу жана отчёт берип туруусу, кызмат тартиптерин сактоо, кызматы үчүн акыйкат сыйлануу, жөндөмдөрүн жана квалификациясын эске алуу менен кызмат ишинин натыйжалары боюнча кызматынан көтөрүлүү принциптеринде түзүлөт.
2-берене. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлери
1. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлери болуп (мындан ары - кызматкерлер) Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун башкаруу тутумунун штаттык кызматтарын ээлеген же Кыргыз Республикасынын мыйзамдары (мындан ары - мыйзамдар) белгиленген тартипте жазык-аткаруу тутумунун башкаруу тутумунун атайын наамдары берилген жазык-аткаруу тутумунун кадрлар карамагында тургандар эсептелет.
2. Кызматкерлерге форма кийимдер, кызмат күбөлүктөрү жана жеке номурдагы жетондор берилет. Кызмат күбөлүктөрүнүн, жеке номурдагы жетондордун үлгүлөрү, ошондой эле аларды берүү тартиби жазык аткаруу тутумунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси тарабынан бекитилет. Кызматкерлер форма кийимдеринин, кызмат күбөлүктөрүнүн, жеке номурдагы жетондорунун сакталышын камсыздоого милдеттүү. Алардын жоготуу кызмат тартибинин одоно бузулушу болуп эсептелет, күнөөлүүлөр бекитилген тартипте дисциплинардык жоопкерчиликке тартылышат.
3-берене. Жазык-аткаруу тутумунун жумушчулары