Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Тљрагасынын орун басары К.К.Акназарованын Жогорку Соттун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын жана жергиликтџџ соттордун 2010-жылдагы иши жљнџндљ баяндамасы |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасынын орун басары К.К.Акназарованын Жогорку Соттун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын жана жергиликтүү соттордун 2010-жылдагы иши жөнүндө баяндамасы
Урматтуу коллегалар, жыйындын катышуучулары!
Республика боюнча райондук/шаардык сотторго түшүп жаткан жарандык иштердин динамикасы 2010-жылы азайган. Эгерде 2007-жылы райондук/шаардык сотторго 42227, 2008-жылы 44871, 2009-жылы 51293; иш түшсө, 2010-жылы 48787 иш түшкөн. 2009-жылга салыштырмалуу 4,88% азыраак экендиги көрүнөт.
Түшкөндөрдүн арасынан 46606 иш каралган - бул 2009-жылга салыштырмалуу 5,5%га азыраак (49324). Чечим чыгаруу менен 28800 иш же 2009-жылга караганда 13%га азыраак иш каралган (33176).
Чечим чыгаруу менен каралган иштер (28800) боюнча 94,8% доо арыздар канаатандырылган (27297) - бул 2009-жылга салыштырмалуу 1,7%га азыраак (96,5%).
Каралып бүтүрүлгөн иштердин түзүлүшүндө, мурдагыдай эле, негизинен карызды өндүрүү (22,38%), үй-бүлөлүк (31,9%), юридикалык мааниси бар фактыларды аныктоо (11,3%), келишимдерди жарактуу/жараксыз деп табуу (6%), турак-жай талаштары (4,1%), ошондой эле эмгек талаштар (2%) боюнча жарандык иштер белгиленет.
Мында, 2010-жылы иштердин категориясы боюнча өсүү үй-бүлөлүк (1729 же 13%га), турак-жай талаштары (186 же 10,8%га), эмгек талаштар (178 же 23,8%), келишимдерди жарактуу/жараксыз деп табуу (3,5%га), юридикалык мааниси бар фактыларды аныктоо (26,3%) иштери боюнча байкалат.
Ошол эле мезгилде карызды өндүрүү боюнча иштердин саны 2009-жылга салыштырмалуу 25,8%га азайган.
2010-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөрүлгөндүгүнө байланыштуу республика боюнча жергиликтүү сотторго шайлоо талаштары боюнча 77 арыз түшүп, анын ичинен 41 иш боюнча чечим чыгарылган.
Жергиликтүү соттор тарабынан шайлоо укуктарын коргоо жөнүндөгү арыздарды кароонун анализи боюнча сотторго көбүнчө шайлоо комиссияларынын, алардын кызмат адамдарынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздиктерине) карата арыздар түшкөн. Мындай категориядагы иштер боюнча соттор тарабынан даттануулар боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жөнүндөгү Кодекстин 54-статьясынын 1-пунктуна ылайык, участкалык шайлоо комиссияларынын чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) жогору турган шайлоо комиссиясына алдын-ала кайрылуу тартиби бузулгандыктан, даттанууну (арызды) кабыл алуудан баш тартылган.
Статистикалык маалыматтарга ылайык, «башка иштер» деген категория боюнча 2010-жылы 8364 же 17,95% иштер каралып бүтүрүлгөн.