Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2010-жылдын 26-ноябрындагы № 5-1162/10 токтому |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2010-жылдын 26-ноябрындагы № 5-1162/10 токтому
2010-жылдын 26-ноябрындагы № 5-1162/10 токтомуна тушундурмону караныз
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы, Кучибаева Ж.У., 2010-жылдын 26-ноябрында берилген ордер боюнча кызыкчылыгын жактаган адвокат Исаева М.Р. жана Кучибаев А.А., 2010-жылдын 26-ноябрында берилген ордер боюнча кызыкчылыгын жактаган адвокат Сарымсаков А.Т. катышуусу менен ачык соттун отурумунда Ж.Кучибаеванын өкүлү М.Исаеванын Ала-Бука райондук сотунун 2010-жылдын 17-мартындагы чечимине жана Жалал-Абад областтык сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2010-жылдын 12-майындагы аныктамасына келтирген көзөмөл арызы боюнча жарандык ишти караган.
Ала-Бука райондук сотунун 2010-жылдын 17-мартындагы чечими менен А.Кучибаевдин доо арызы канааттандырылып, Ала-Бука районунун Т.Балтагулов айылдык округуна караштуу Кош-Алмурут айылындагы (райондук архитектура берген ген план боюнча) көчөнүн аты жок № 13 участогунда жайгашкан турак-жайдын менчик ээси деп Кучибаев Абдуллажан табылган.
Кучибаева Жамиланын тосмо доо арызы канааттандыруусуз калтырылган.
(Судья: Жаримбетов А.К.).
Жалал-Абад областтык сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2010-жылдын 12-майындагы аныктамасы менен Ала-Бука райондук сотунун 2010-жылдын 17-мартындагы чечими өзгөртүүсүз калтырылган.
(Төрагалык кылуучу жана баяндоочу: Шерматов М.Т., судьялар - Камбаров Ш.К., Жапакбаев К.Ж.).
Кабыл алынган сот актылары менен макул болбой Ж.Кучибаеванын өкүлү М.Исаева көзөмөл иретиндеги арызында соттор тарабынан иш бир тараптуу каралып, Кучибаева Жамила тарабындагы күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө көңүл бурулбаган. Атап айтканда турак-жайды курган усталардын көрсөтмөлөрүнө, алардын жазып берген түшүнүк каттарын соттор изилдешпеген. Кучибаева Ж. талаштагы турак-жайга теректерди тигип, жерлерин иштеткен. Доогер А.Кучибаевдин талаштагы турак-жайды курууга мүмкүнчүлүгү да болбогон. Доогердин жоопкерди турак-жайда квартирант катары жашаган деген жүйөөлөрү негизсиз деп көрсөтүп, иш боюнча кабыл алынган сот актыларын жокко чыгарып, А.Кучибаевдин доо арызын канааттандыруусуз, ал эми Ж.Кучибаеванын доосун канааттандырууну сураган.
Көзөмөл иретиндеги арызга келтирген каршы пикиринде Кучибаев А. соттор ишти объективдүү карашып, негиздүү чечимдерди кабыл алышкан деп көрсөтүп, аларды күчүндө калтырууну сураган.