Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
«Тамак-аш азыктарын љндџрџџ гигиенасы» техникалык регламенти Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Долбоор) (2011-жылдын 13-сентябрында) (кабыл алынган) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
![](https://s.continent-online.com/images/warning.png) | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
![](https://s.continent-online.com/images/warning.png) | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Долбоор
Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы
«Тамак-аш азыктарын өндүрүү гигиенасы» техникалык регламенти
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-сентябрындагы № 549 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 7-июнундагы № 1984-V токтомуна ылайык биринчи окууда кабыл алынган
КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 2994-V токтомуна ылайык экинчи окууда кабыл алынган
КР 2013-жылдын 1-июнундагы № 88 Мыйзамы менен кабыл алынды
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Техникалык регламенттин максаты
Азык-түлүк чийки заттарын жана тамак-аш азыктарын өнөр жайлык өндүрүүдө пайда болуучу коркунучтуу жана зыяндуу факторлордун таасиринен адамдардын, айбанаттардын, өсүмдүктөрдүн өмүрүн жана ден соолугун, курчап турган айлана чөйрөнү коргоону камсыз кылуу ушул «Тамак-аш азыктарын өндүрүү гигиенасы» Техникалык регламентинин максаты болуп саналат.
2-берене. Ушул Техникалык регламентти колдонуу чөйрөсү
Ушул Техникалык регламент менчиганин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар тарабынан азык-түлүк чийки заттарын жана тамак-аш азыктарын өнөр жайлык өндүрүүдө зарыл болгон шарттарды түзүүгө карата милдеттүү талаптарды белгилейт.
3-берене. Техникалык жөнгө салуу объекттери
Ушул Техникалык регламенттин техникалык жөнгө салуу объекттерине азык-түлүк чийки заттары жана тамак-аш азыктарын өндүрүү кирет.
4-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул Техникалык регламенттин максатын аткарууну камсыз кылуу үчүн төмөнкү түшүнүктөр пайдаланылат:
тамак-аш азыктарын өндүрүү гигиенасы - өндүрүш процессинин бардык баскычтарында тамак-аш азыктарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон шарттар жана чаралар;
дезинфекция - микробдорду жок кылууга багытталган иш-чаралар;
дезинсекция - курт-кумурскаларды жок кылууга багытталган иш-чаралар;
дератизация - кемирүүчүлөрдү жок кылууга багытталган иш-чаралар;
кооптуу контролдук чекит - тамак-аш азыктарынын коркунучтуулугун болтурбоо, же анын деңгээлин калктын саламаттыгы үчүн коркунуч туудурбаган деңгээлге чейин төмөндөтүү үчүн маанилүү контролду колдонуу мүмкүн болгон баскыч;
мониторинг - кооптуу түйүндөрдө пландуу мезгилдик байкоолорду же контролдук чен-өлчөмдөрдү жүргүзүү;