Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
«Оюнчуктардын коопсуздугу жљнџндљ» техникалык регламент» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Долбоор) (2011-жылдын 22-августунда) (кабыл алынган) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Долбоор
Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы
«Оюнчуктардын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламент
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2011.22.08. № 476 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 7-июнундагы № 1983-V токтомуна ылайык биринчи окууда кабыл алынган
КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 2993-V токтомуна ылайык экинчи окууда кабыл алынган
КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 177 Мыйзамы менен кабыл алынды
1-глава. Жалпы жоболор
1. берене. Бул Техникалык регламентти колдонуу чөйрөсү
1. «Оюнчуктардын коопсуздугу жөнүндө» ушул Техникалык регламент (мындан аркы - Техникалык регламент) оюнчуктардын коопсуздугун камсыздаган минималдуу талаптарды, аларды өндүрүү, пайдалануу, сактоо, ташуу, сатуу жана утилизациялоо процесстерин белгилейт. Бул Техникалык регламент адамдардын, эң оболу балдардын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылуу, айлана-чөйрөнү коргоо, керектөөчүлөрдү адашууга кириптер кылуучу иш-аракеттин алдын алуу максатында колдонулат.
2. Бул Техникалык регламент балдардын пайдаланышы үчүн Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн жана анын аймагына ташып киргизилүүчү, ошондой эле аларды өндүрүү, пайдалануу, сактоо, сатып өткөрүү жана утилдештирүү процессине колдонулат.
Бул Техникалык регламент төмөнкүлөргө колдонулбайт:
1) майрамдык оюнчуктарга, жаңы жылдык балатынын жасалгаларын кошкондо (жасалма балаты, ага илинчү шаймандар, электр гирляндалары);
2) чоң коллекционерлер үчүн майда-баратына чейин иштелген кичирейтилген моделдерге;
3) оюн аянтчаларында жамааттык пайдалануу үчүн даярдалган жабдыктарга жана шаймандарга;
4) спорттук шаймандарга;
5) чоң терендикте пайдалануу үчүн даярдалган навигациялык жабдыктарга;
6) фольклордук жана декоративдик куурчактар жана чоң коллекционерлер үчүн ушул сыяктуу буюмдарга;
7) киреше түшүрүү максатында коомдук жайларда (ачык аянттарда, вокзалдарда ж.б.) орнотулган «кесиптик» оюнчуктарга;
8) адистер үчүн даярдалган 500дөн ашуун тетиктен түзүлгөн баш катырмаларга;
9) пневматикалык куралдар, атылма куралдын так көчүрмөлөрүнө;
10) урма капсулдарын кошо алганда, пиротехникалык оюнчуктарга, фейерверктерге, (оюнчуктар үчүн атайын жасалган урма пистондордон тышкары);
11) металл учтуу жебелердин жыйындысына;
12) 24 вольттон ашык номиналдык кубаттуулукта иштеген үй тиричилигинин буюмдары сыяктанган электр мештерине, үтүктөргө жана башка буюмдарга;