Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2011-жылдын 29-июнундагы № АД-000316/09 МО токтому |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2011-жылдын 29-июнундагы № АД-000316/09 МО токтому
Иш № АД-000316/09 МО
Көз. өнд. № 6-275/10 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында
төрагалык кылуучу судья: Арстанбаева Д.Э.
судьялар: Максимбекова Д.Э., Осмоналиев К.Т.
катчы: Абышов Б.
Тараптар: Хожиева Зухранын 2010-жылдын 3-июлундагы ишеним кат боюнча өкүлү Тешебаева Лабара Кочкоровнанын катышуусунда,
ачык соттун отурумунда М.Хажиевдин Ош областынын райондор аралык сотунун 18-декабрь 2009-жылдагы чечимин жана Ош областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 3-февраль 2010-жылдагы аныктамасын көзөмөл тартибинде келтирген даттануусу боюнча бул иш каралды.
Ош областынын райондор аралык сотунун 2009-жылдын 18-декабрындагы чечими менен доо арыз канааттандырылган. Алля Анаров айыл өкмөтүнүн 9-июль 2003-жылы № 6, параграф 1253 чечими аталган чечим кабыл алынган күндөн баштап жараксыз деп табылган. А.Анаров айыл өкмөтүнөн республикалык бюджеттин пайдасына 10 сом мамлекеттик алым өндүрүп алынган.
(төрагалык кылуучу судья Алибаев А.И.)
Ош областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2010-жылдын 3-февралындагы аныктамасы менен Ош областынын райондор аралык сотунун 18-декабрь 2009-жылдагы ушул иш боюнча чечими өзгөртүүсүз калтырылган. М.Хажиевдин апелляциялык арызы канааттандыруусуз калтырылган.
(судьялар Темирбаева Т.Т., Арапбаев Н.М., Чикиев Т.Д.)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы К. Осмоналиевдин баяндамасын угуп, соттук коллегия тапты:
Арыздануучу Хожиев Собир Ош областынын райондор аралык сотуна А.Анаров айылдык округуна, Араван райондук мамлекеттик жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө каттоо боюнча башкармалыгына, М.Хожиевке карата А.Анаров айылдык округунун 2003-жылдын 9-июлундагы № 6 токтомун жараксыз деп таап берүү жөнүндөгү арызы менен кайрылган.
Соттор тарабынан жогоруда көрсөтүлгөндөй соттун актылары кабыл алынган.
Кабыл алынган соттун актылары менен М.Хажиев макул болбой, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна көзөмөл тартибинде даттануу менен кайрылып, анда жогоруда даттанылып жаткан Ош областынын райондор аралык сотунун 18-декабрь 2009-жылдагы чечимин жана Ош областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 3-февраль 2010-жылдагы аныктамасын жокко чыгарып, С.Хожиевдин арызын канааттандыруусуз калтырып берүүнү сурайт.