Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2011-жылдын 23-июнундагы № АД-93/09-МЧ-СЗ токтому |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2011-жылдын 23-июнундагы № АД-93/09-МЧ-СЗ токтому
Иш № АД-93/09-МЧ-СЗ
Көз. өнд. № 6-35/11 СГ А/Д
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында
төрагалык кылуучу судья: Алыбаева Н.А.
судьялар: Максимбекова Д.И., Осмоналиев К.Т.
катчы: Калиев Н.
тараптар: Жунушалиева Акжолтойдун, анын жактоочусу Мадинов Орозобектин 2001-жылдын 23-июнундагы № 472 табыштоо ордери боюнча, Кочкор райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин 2011-жылдын 22-июнундагы № 278 ишеним кат боюнча өкүлү Азаркулов Жолдошбек Сабыркуловичтин, Мураталиев Советбектин, Мураталиев Акынбек Советбековичтин, анын 2010-жылдын 18-октябрындагы ишеним кат боюнча өкүлү Жумагазиев Зарылдын, А.Токсоновдордун катышуусу менен,
ачык соттун отурумунда А.Жунушалиеванын Чүй областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2010-жылдын 9-декабрындагы аныктамасына карата келтирилген көзөмөл тартибинде даттануусу боюнча иш каралды.
Чүй областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2010-жылдын 9-декабрындагы аныктамасы менен А.Жунушалиеванын Чүй областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2009-жылдын 27-июлундагы аныктамасын жана токтомун жаны ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо жөнүндөгү арызы канааттандыруусуз калтырылган.
(судьялар Айтбаева И.М., Калыбаева Ш.А., Мамбеткалиева Г.М.)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы К.Осмоналиевдин баяндамасын угуп, соттук коллегия тапты:
Арыздануучу Жунушалиева Акжолтой Нарын областынын райондор аралык сотуна жоопкерлер Кочкор айылдык округуна, Кочкор райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгына, Мураталиев Советке, Мураталиев Акынбектерге карата Кочкор айыл өкмөтүнүн 2003-жылдын 31-майындагы № 54 чечимин жана Кочкор райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынан А.Мураталиевке берилген № 4-04-03-1001-1435 идентификациялык сандуу техникалык паспортун жокко чыгарып берүү жөнүндөгү арызы менен кайрылган.
Ошону менен бирге, жоопкер Мураталиев Акынбек Нарын областынын райондор аралык сотуна утурлама арызы менен кайрылып, анда Кочкор айылындагы Б.Жусупбеков к. № 27 үйүн сатуу сатып алуу келишимин А.Жунушалиева менен Мураталиев Акынбектин ортосунда түзүлдү деп таап берүүнү сураган.