Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2005-жылдын 15-февралындагы № 07-002 токтому |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер
боюнча соттук коллегиясынын 2005-жылдын 15-февралындагы № 07-002 токтому
№ 07-002
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында:
төрагалык кылуучу: судья Аманалиева Б.К.,
судьялар: Садыков Э.Э., Айткулова И.В. (баяндоочу-судья),
тараптар: Ж.Абдиеванын, М.Асакеевдин,
соттук жыйындын катчысы: Б. Касымованын катышуусу менен Нарын областтык сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2004-жылдын 18-августундагы чечимин көзөмөл тартибинде карап берүү жөнүндөгү Абдиева Жумакүлдүн көзөмөл даттануусун карап чыгып,
(соттук актыларды кабыл алган судьялар: Бектурова А., Раяпов Б., Курманбаев Ж.)
тапты:
Жеке ишкер Абдиева Жумакүл Кочкор райондук сотуна жеке ишкер Асакеев Муктарбек «Ийгилик» кафенин бет маңдайын тосуп курган дубалды буздуруп жана 0,5 метр жерди кошуп Асакеев Муктарбектен алып берүү жөнүндөгү доо арыз менен кайрылган.
Доогер өзүнүн талабын төмөндөгү жагдайлар менен негиздейт.
Ал Кочкор өндүрүштүк-соода кооперативинин башкармасынан жашылча-жемиш базарынын ичинде жайгашкан ашкананы сатып алган. Кочкор айыл өкмөтүнүн 1997-жылдын 29-августундагы № 49 чечими менен сатып алган
ашканынын орду жана анын жанында 107 кв.м. жер аянты бөлүнүп берилген.
Доогер «Ийгилик» кафесин имаратын кеңейтүүгө уруксат сурап арыз менен Кочкор айыл өкмөтүнө кайрылган. Кочкор айыл өкмөтүнүн № 98-буйругу менен кеңейтүүгө уруксат берилип кафенин түндүк жагындагы жашылча-жемиш базары менен чектеш жери чектелип берилип жатканда имаратын түндүк тарабынан 1,5 метр жер имарат ээси катары ага имаратка жамаатташ жер катары чектелип берилген. Бул жер учурунда бөлүнүп берилген 107 кв.м жер аянтынын ичинде деп берилген.
Доогер кафени кеңейтип сала баштаганда жоопкер «Ийгилик» кафенин бет маңдайына кирпичтен дубал көтөрүп, кафенин эшигин жаап, элдин кирип чыгуусуна тоскоолдук кылып жатат. Көрсөтүлгөн жагдайлардын негизинде доогер «Ийгилик» кафенин бет маңдайын тосуп салынган дубалды буздуруп жана 0,5 метр жер кошуп алып берүүнү сураган.
Кочкор райондук сотунун 2004-жылдын 23-августундагы чечими менен жеке ишкер Абдиева Жумакүлдүн доо арызы канааттандырылган.