Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо мекемелеринде жџргџзџлџп жаткан тџзџмџн љзгљртџџнџн натыйжасында бошотулуп, колдонулбаган аянттарды, бљлмљлљрдџ жана имараттарды менчиктештирџџ программасы (Кыргыз Республикасынын Љкмљтџнџн 2002-жылдын 31-июлундагы № 508 токтому менен жактырылган) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
![](https://s.continent-online.com/images/warning.png) | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
![](https://s.continent-online.com/images/warning.png) | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2002-жылдын 31-июлундагы
№ 508 токтому менен
жактырылган
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо мекемелеринде жүргүзүлүп жаткан түзүмүн өзгөртүүнүн натыйжасында бошотулуп, колдонулбаган аянттарды, бөлмөлөрдү жана имараттарды менчиктештирүү программасы
Саламаттык сактоо тармагында менчиктештирүүнүн биринчи этабы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо тармагындагы объекттерди мамлекеттин карамагынан чыгаруу жана менчиктештирүү концепциясы жөнүндө» 1994-жылдын 29-июнундагы № 455 токтомуна ылайык жүргүзүлгөн. 1994-2001-жылдары 394 саламаттык сактоо объекттери менчиктештирилген (дарыканалар дарыкана склады комплекси менен, фармацевтикалык продукция өндүрүү боюнча ишканалар, стоматология бейтапканаларынын бир аз бөлүгү), ал саламаттык сактоонун ушул бөлүгүнүн медициналык тейлөө рыногунун кеңейишине жана рынок мамилелерине өтүү үчүн шарт түзүүгө мүмкүндүк берди.
Акыркы жылдары бюджеттик каражаттардын жетишпестигинен саламаттык сактоого сарпталуучу мамлекеттик чыгымдар азайып келүүдө. Республикабыздын саламаттык сактоо тармагы чарбачылыктын өзгөрүлүп жаткан шарттарына ыңгайлаша албай жүрдү. Калк үчүн дарылануу анын кымбатчылыгынан улам кыйын болуп, ал эми дарылоо-алдын алуу мекемелери стационарда бош койкаларды жана медицина кызматкерлеринин штатын дагы эле болсо кармап жүрүштү. Ушул себептен бюджеттик каражаттардын 75% тармакты кармап келүүгө (медицина жана тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысына, имараттарды кармоого, жылытууга, электр энергиясына, суу менен камсыз кылууга жана канализацияга, байланышка, транспорт жана командировка чыгымдарына), башкаруу аппаратты кармоого жумшалып, 25% гана дары-дармекке жана оорулуулардын азыктануусуна жумшалчу. Курулушка, чоң жана күнүнкү ремонтко, жабдууларды жана жарак-шаймак сатып алууга каражат такыр эле бөлүнбөйт.
Саламаттык сактоо мекемелеринин чыгашалар түзүмүнүн ушундай өзгөрүшүнөн улам тармактагы медициналык, дарылоо иштерин камсыз кылуу начарлап, кызматтардын абалын алгылыктуу деңгээлде кармоонун жана мындан аркы өнүгүшүнүн токтолушун шарттады. Каржылоо системасы койка санына ылайык статьялык бюджетте негизделген, ал койкалардын артык санын сактап калууга мүмкүндүк берип, медициналык тейлөөнүн сапатын жогорулатууга түрткү берген эмес.