Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
«Жалпы билим берџџ мектептеринин, маданият, спорт жана кесиптик-техникалык билим берџџ мекемелеринин жањы 2007-2008-окуу жылына карата даярдыгы жљнџндљ» Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиясынын 2007-жылдын 29-августундагы № 19пк токтому |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
![](https://s.continent-online.com/images/warning.png) | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
![](https://s.continent-online.com/images/warning.png) | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Жалпы билим берүү мектептеринин, маданият, спорт жана кесиптик-техникалык билим берүү мекемелеринин жаңы
2007-2008-окуу жылына карата даярдыгы жөнүндө
Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиясынын 2007-жылдын 29-августундагы № 19пк токтому
Мэриянын коллегиясы жалпы билим берүү мектептеринин, маданият, спорт жана кесиптик-техникалык билим берүү мекемелеринин даярдыгы боюнча материалдарды карап чыгып, бул мекемелердин жаңы 2007-2008-окуу жылына карата даярдыгы канааттандыраарлык деп белгиледи.
Жаңы 2007-2008-окуу жылынын башталышынан тартып бардык жалпы орто жана кесиптик-техникалык билим берүү мекемелеринде 115,0 миң бала жана өспүрүмдөр окуп башташат, 6,7 миң мугалим ишке киришет. Кабыл алынган мыйзам актыларына ылайык жеринде кадрларды тартуу жана бекитүү үчүн шаардын мектептеринин мугалимдерине жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан айлык акыларына кошумча төлөөлөрдүн ар кандай түрлөрү көрсөтүлүп жатат.
Шаардын баардык 90 мектеби компьютерлер, материалдык-техникалык каражаттар менен жабдылган. Жалпы билим берүү мектептеринин окуу китептери жана окуу куралдары менен камсыз болуусу: кыргыз тилинде окутуу 99,0%ды, орус тилинде окутуу - 93,0%ды түзөт.
2007-жылда шаардын жалпы билим берүү мекемелеринин утурумдук, капиталдык, авариялык ремонтуна ар кандай булактардан (жергиликтүү, республикалык бюджеттер, гранттар, коомдук каражаттар ж.б.) 64,4 млн. сом бөлүнгөн.
Свердлов райондук администрация тарабынан капиталдык ремонттун кээ бир түрлөрүн жүргүзүүгө, өрт инвентары менен жабдууга ж.б. райондун билим берүү мекемелери үчүн райондук бюджеттен 23,5 млн. сом кошумча бөлүнгөн.
Коомдук бирикмелердин жана мектептердин өнүгүүсүн колдоо фонддорунан утурумдук ремонт жүргүзүүгө 8 млн. 514,2 миң сом бөлүнгөн.
Ошого байланыштуу, мэриянын комиссиясы № 2, 8, 9, 13, 31, 40, 47, 68, 74, 80, 84-мектептерде, № 10, 17, 20, 60, 63, 71, 73, 88, 6, 29, 41, 48, 54, 69, 12, 21, 65, 66, 67 ж.б. ШРМларда сапаттуу утурумдук ремонт жүргүзгөндүгүн белгиледи.
2007-жылда «Учкун» конушунда 63,0 млн. сомго 754 окуучулук орундуу жаңы мектепти ачуу жана ишке киргизүү пландаштырылган.
Өрт кесепетинен жапа чеккен № 35 орто мектепте графикке ылайык иш жүргүзүлүп жатат, 2007-жылдын 1-ноябрында эксплуатацияга киргизүү пландалып, шаардык бюджеттен кайра калыбына келтирүү үчүн 32,0 млн. сом бөлүнгөн.