|
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
|
| «Малдардын жугуштуу ооруларынын чыгышын жана таркап кетишин алдын алуу чаралары жљнџндљ» Ысыккљл облустук мамлекеттик администрациясынын 2007-жылдын 15-майындагы № 118 токтому |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Малдардын жугуштуу ооруларынын чыгышын жана таркап кетишин алдын алуу чаралары жөнүндө
Ысыккөл облустук мамлекеттик администрациясынын 2007-жылдын 15-майындагы № 118 токтому
Ысыккөл областтык мамлекеттик администрациясы кийинки мезгилде жалпы республикада жана ошондой эле областта эпизоотиялык абал курчугандыгын белгилейт.
2006-жылдын Ысыккөл районунда шарп, брадзот оорулары, Тоң районунда шарп, койлордун күл (чечек), пастереллез оорулары, Аксуу, Түп, Жетиөгүз райондорунда койлордун күл оорусу катталган.
Быйылкы жылы Тоң районунун Оттук айылында шарп оорусу, Аксуу районунда койлордун күл оорусу, Түп районунда койлордун күл, пастереллез оорулары катталган.
Бруцеллез оорусу малдардын арасында көбөйүшүнөн адамдардын оорусунун кескин түрдө өсүп кетишине себепкер болду.
2006-жылы област боюнча бруцеллез менен ооруган 456 адам катталып, 2005-жылга салыштырмалуу 185 адамга көбүрөөк болду. Айрыкча Жетиөгүз районунда 115 адамга, Ысыккөл районунда 26 адамга, Каракол шаарында 23 адамга, Аксуу районунда 11 адамга көп болду.
Ал эми 2007-жылдын 1-кварталында област боюнча бруцеллез менен ооруган 105 адам катталып, 2006-жылга салыштырмалуу 47 адамга көп болду. Жетиөгүз районунда 33 адамга, Түп районунда 11 адамга, Тоң районунда 8 адамга көп болду.
Өткөн жылы бодо малдан 1226 баш, кой-эчкиден 1025 баш, жылкыдан 42 баш бруцеллез болуп аныкталды.
Малдардын ооруларын өсүшүнө ветеринардык адистердин кескин кыскарышына байланыштуу тиешелүү ветеринардык көзөмөл жүргүзүү кыйынчылыкка учурагандыгы менен белгиленет.
Буга кошумча мал ээлери сырттан алып келген малдарын айыл өкмөткө жана ветеринардык адистерге каттатпагандыгындан улам жугуштуу оорулар көбөйүшүнө өбөлгө түзүлүүдө.
Жугуштуу оорулардын таркашына мал базарлардагы тиешелүү эрежелердин сакталбай келиши да чоң мааниге ээ болууда. Ошону менен бирге мал базарларда малга милиция кызматкерлери жана базардын администрациясы тарабынан справка берилиши адатка айланып кетти.
Айрыкча Каракол шаарынын мал базары ветеринардык-санитардык тарапка жооп бербегендиктен малдар базардын сыртында сатылып, малдарга ветеринардык көзөмөл жүргүзүү мүмкүн болбой калды.
Мал ээлери, жергиликтүү бийлик органдары жана ветеринардык адистер, өтө жугуштуу оорулар чыккан мезгилде ооруну жашырып, оорунун таркап кетишине өбөлгө түзгөн учурлар да кездешүүдө.