|
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
|
| Топтоочу пенсиялык системага љтџџ алдындагы суроолор жана жооптор |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Топтоочу пенсиялык системага өтүү алдындагы суроолор жана жооптор
- Топтоо пенсиялык фондуна каражаттарды кандай өлчөмдө жана кимден кармоо болжолдонуп жатат?
- Мамлекеттик топтоочу пенсиялык фондго кызматкердин кирешесинин 2 пайызы ай сайын кармалып турат.
- Кармалган каражаттар кайда, кайсы банкка жөнөтүлөт?
- Топтоо пенсиялык фонддун каражаттары 2012-жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фондунун ишеним башкаруусуна камсыздандырылган адамдардын пайдасына инвестициялык киреше алуу максаттарында андан ары инвестициялоо үчүн берилет. Өнүктүрүү фонду пенсиялык топтоо каражаттарын кайда инвестициялоону өзү чечет. Бирок пенсиялык топтоолорду жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн белгилеген мыйзамдардан четтебестен жана аларга ылайык:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарына;
2) Ушул бөлүктүн 1-пунктуна көрсөтүлгөндөн тышкары, кыргыз эмитенттеринин облигацияларына;
3) Ачык акционердик коом түрүндө түзүлгөн кыргыз эмитенттеринин акцияларына;
4) Чет мамлекеттердин мамлекеттик баалуу кагаздарына, чет өлкөлүк эмитенттердин облигацияларына жана акцияларына каражаттарды жайгаштырган индекстүү инвестициялык фонддордун пайларына (акцияларына, үлүштөрүнө);
5) Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чыгарылган ипотекалык баалуу кагаздарга;
6) Кредиттик уюмдардын эсебиндеги улуттук жана чет элдик валюталардагы акча каражаттарына;
7) Кредиттик уюмдардын депозитине. 2013-жылдын январынан тартып пенсиялык топтоолордун кайсы башкаруу компанияларга жана пенсиялык фондго (анын ичинде мамлекеттик эмес пенсиялык фонддорго) берээрин жарандар өздөрү чече алышат.
- Качан биз топтоочу пенсиялык фондуна кармалган каражаттардан киреше ала баштайбыз жана топтоочу фондунан чогулган топтоолорубузду өз каалообуз боюнча алып кетүүгө болобу?
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандырылган адамдар инвестициялык киреше менен бирге пенсиянын топтоочу бөлүгүн пенсияга чыкканда алышат. Камсыздандырылган адамдар пенсияга чыгууга укугу болмоюнча, топтоочу пенсиялык фондунан камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасына жана инвестициялоодон түшкөн кирешесин ала алышпайт. Камсыздандырылган адам туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынан кетсе жана камсыздандырылган адам каза болгон учурда гана ал топтоолорду мөөнөтүнөн мурда алууга болот.