|
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
|
| «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Долбоор (1998-жылдын 27-ноябры) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери тууралуу
(1998-жылдын 27-ноябры)
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 1998.27.11 № 772 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
Эл аралык келишимдер Кыргыз Республикасынын эл аралык карым-катыштарынын укуктук негизи болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын катарына кирүүчү жана түздөн-түз колдонулуп жаткан бөлүгү болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасы эл аралык укуктун нормаларынын кыйшаюсуз аткарылышын жактайт жана эл аралык укуктун негизги принцибине - эл аралык милдеттенмелерди ак ниеттүү аткаруу принцибине өзүнүн умтулгандыгын ырастайт.
I. Жалпы жоболор
1-статья. Ушул Мыйзамды колдонуу милдеттери жана чөйрөсү
1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин түзүү, аткаруу, токтотуу, бир азга токтото туруу жана жокко чыгаруу тартибин орнотот.
Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптери менен укуктарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ошондой эле. ушул Мыйзам жана келишимдин жоболору менен түзүлөт, аткарылат, токтотулат, бир азга токтотулуп турат жана жокко чыгарылат.
2. Ушул Мыйзам менен орнотулган Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин түзүү, аткаруу, токтотуу, бир азга токтото туруу жана денонсирлөө тартиби Кыргыз Республикасынын бардык эл аралык келишимдерине карата, алардын түрүнө, формасына жана аталышына карабастан колдонулат.
2-статья. Терминдердин колдонулушу
Ушул Мыйзамдын максаттарына ылайык:
- «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишими» - эл аралык карым-катыштар тармагындагы укуктар менен милдеттер тууралуу Кыргыз Республикасынын бир же бир нече мамлекеттер, эл аралык уюмдар же эл аралык укуктун башка субъектилери менен тең укуктуу жана өз ыктыяры менен макулдашуусу;
- «түзүү» Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдин өзү үчүн милдеттүү болушуна макулдугун билдирет;
- «кол коюу» же келишимди түзүү стадиясын же болбосо Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдин өзү үчүн милдеттүү болушуна макулдугун билдирет, эгерде бул келишим мындан ары ратификацияланууга же бекемделүүгө жатпаса;
- «мамлекеттик ички процедуралар» эл аралык келишимди ратификациялоону же бекемдөөнү билдирет;
- «ратификациялоо», «бекемдөө» жана «биригүү» учурга жараша Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдердин өзү үчүн милдеттүү болушуна макулдугун билдирүү түрүн билдирет;