|
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2009-жылдын 22-декабрындагы № АД-163/09МО токтому |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2009-жылдын 22-декабрындагы № АД-163/09МО токтому
№ АД-163/09 МО
№ 06-614/09АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында:
төрагалык кылуучу: Мухамеджанов А.Ж.,
судьялар: Жороев К.Ж., Аманалиева Б.К.,
сот отурумунун катчысы: Абышов Б.,
тараптардын өкүлдөрү: Ош облустук керек-жарак коомдорунун жана кооперативдеринин биримдигинин башкармалыгынан - Пирматов К.А. (2009-жылдын 17-августундагы ишеним каттын негизинде) катышуусунда,
соттун ачык отурумунда К.Камчыбековдун Ош областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2009-жылдын 10-ноябрындагы аныктамасына келтирген көзөмөл даттануусун карап, ал аныктама менен биринчи инстанциядагы соттун аныктамасы алынып салынып, иш кайра кароого Ош областынын райондор аралык сотуна жиберилген (судьялар: Арапбаев Н.М., Жумаев Ж.К., Мадмарова Э.А.),
Ош областынын райондор аралык сотунун 2009-жылдын 15-октябрындагы аныктамасы менен «Жайма-Базары» жоопкерчилиги чектелген коомунун Ош шаарынын юстиция башкармалыгынын 2005-жылдын 26-декабрындагы № 573 буйругунун негизинде «Луч» жоопкерчилиги чектелген коомунун кайрадан каттоодон өткөрүлүшүн, жана кайрадан каттоодон өткөрүлгөндүгү тууралуу берилген 2007-жылдын 21-февралындагы күбөлүктү жокко чыгаруу арызы кароосуз калтырылган (төрагалык кылуучу: Алибаев А.И.),
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы Б.Аманалиеванын иш боюнча берген баяндамасын, Ош облустук керек-жарак коомдорунун жана кооперативдеринин биримдигинин башкармалыгынын өкүлүнүн түшүндүрмөсүн угуп,
ТАПТЫ:
«Жайма-Базары» жоопкерчилиги чектелген коому (ЖЧК) сотко «Луч» кичи ишканасына, Кайназарова Гүлжанга, Ош шаарынын юстиция башкармалыгына карата Ош шаарынын юстиция башкармалыгынын 2005-жылдын 26-декабрындагы № 573 буйругунун негизинде «Луч» жоопкерчилиги чектелген коомунун кайрадан каттоодон өткөрүлүшүн, жана кайрадан каттоодон өткөрүлгөндүгү тууралуу берилген 2007-жылдын 21-февралындагы күбөлүктү жокко чыгаруу арызы менен кайрылган.
Ош шаардык сотунун 2008-жылдын 4-июлундагы чечими менен «Жайма-Базары» ЖЧКнын арызы толугу менен канааттандырылып, Ош шаарынын юстиция башкармалыгынын 2005-жылдын 26-декабрындагы № 573 буйругунун негизинде «Луч» жоопкерчилиги чектелген коомун кайрадан каттоосу, жана кайрадан каттоодон өткөрүлгөндүгү тууралуу берилген 2007-жылдын 21-февралындагы күбөлүк жараксыз деп табылган.