|
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2009-жылдын 24-ноябрындагы № АД-42/2008МБа токтому |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2009-жылдын 24-ноябрындагы № АД-42/2008МБа токтому
№ АД-42/2008 МБа-Иш
№ 06-00556/09 АД-Көзөмөл өндүрүшү
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында:
төрагалык кылуучу судья: Жороев К.Ж.,
жана судьялар: Аманалиева Б.К., Арстанбаева Д.Э.,
катчы: Абышов Б.К.,
тараптардын катышуусуз ачык соттук отурумда С.Абдурахманованын өкүлү - А.Исаковдун Баткен областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2009-жылдын 10-апрелиндеги аныктамасына көзөмөл тартибинде келтирген даттануусу боюнча бул иш каралды.
Баткен областынын райондор аралык сотунун 2008-жылдын 26-мартындагы чечими менен доогер М.Сатыбалдиевдин доо арызы канааттандырылып, сот Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгын жогоруда аталган 0,15 га жер участогун анын наамына каттатып жана ошол жер участогуна мамлекеттик акт берүүнү милдеттендирип, жоопкерден доогердин пайдасына 10 сом мамлекеттик алым, 100 сом почталык чыгымдар өндүрүлгөн (төрагалык кылуучу судья: Абдугапаров А.А.).
Баткен областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2009-жылдын 10-апрелиндеги аныктамасы менен М.Сатыбалдиевдин кассациялык арызды кайтарып берүү жөнүндөгү өтүнүчү канааттандырылып, С.Абдурахманованын Баткен областынын райондор аралык сотунун 2008-жылдын 26-мартындагы чечимине келтирген кассациялык арызы кайтарылып берилип, С.Абдурахмановадан 200 сом мамлекет пайдасына соттук чыгым өндүрүлгөн (төрагалык кылуучу судья: Нарынбекова А.О., судьялар: Айжигитов Б.А. жана Адинаев А.И.).
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы К.Жороевдин баяндамасын угуп, соттук коллегия
ТАПТЫ:
Доогер М.Сатыбалдиев Баткен областынын райондор аралык сотуна Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына карата доо арыз менен кайрылып, анда Баткен шаары С.Садыков көчөсүндө жайгашкан 0,15 га жер участогун анын наамына каттатып жана ошол жер участогуна мамлекеттик акт берүү үчүн Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгын милдеттендирүүнү сураган.
Соттор тарабынан жогоруда көрсөтүлгөндөй соттук актылар кабыл алынган.
Кабыл алынган экинчи инстанциядагы соттун актысы менен макул болбогон С.Абдурахманованын өкүлү - А.Исаков Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна көзөмөл тартибиндеги даттануу менен кайрылып, анда жогоруда даттанылып жаткан аныктаманы жокко чыгарып, доогердин доо арызын канааттандыруусуз калтырып берүүнү сураган.