|
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
|
| «Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин граждандык жоопкерчилигин милдеттџџ камсыздандыруу жљнџндљ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Долбоор (1997-жылдын 31-декабры) (кџчџн жоготкон) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МЫЙЗАМЫ
Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин граждандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө
(1997-жылдын 31-декабры)
КР Өкмөтүнүн 1997.31.12 № 777 токтомуна ылайык мыйзам долбоору сурап алынган
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 1997.31.12 № 777 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
1-статья. Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин граждандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууну жөнгө салуунун предмети жана укуктук негизи
Бул Мыйзам автотранспорт каражаттарынын ээлеринин үчүнчү жактын алдындагы граждандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу тармагындагы укуктук мамилелерди жөнгө салат жана Кыргыз Республикасынын аймагында камсыздандыруу келишимин түзүүнүн тартибин аныктайт.
Бул Мыйзамдын укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, «Камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, автотранспорт каражаттарынын ээлеринин граждандык жоопкерчилигин камсыздандыруу маселелерин жөнгө салуучу башка нормативдик-укуктук актылар түзөт.
2-статья. Камсыздандыруу максаты
Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин граждандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун максаты жеке адамдардын жана юридикалык жактарды камсыздандыруу жагынан коргоону камсыз кылуу, граждандардын өмүрүнө, ден-соолугуна жана алардын мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун ордун өз учурунда толтуруу (эгерде келишимде башкача каралбаса) болуп саналат.
3-статья. Камсыздандыруу объектиси
Камсыздандыруунун бул түрүнүн объектиси жол-транспорт кырсыктарынын (ЖТК) натыйжасында үчүнчү жактын алдында (жүргүнчүлөрдөн башка) автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилиги болуп саналат.
4-статья. Камсыздандыруучу уюмдар
Камсыздандыруучу уюмдар - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик камсыздандыруу көзөмөлүнүн лицензиясы бар камсыздандыруу уюму болуп саналат, ага менчигинин түрүнө карабастан автотранспорт каражаттарынын ээлеринин граждандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууну жүргүзүүгө укук берилет.
5-статья. Камсыздандыруучулар
Камсыздандыруучулар - автотранспорт каражаттарынын ээси болуп саналган жана өзүлөрүнүн граждандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууну ишке ашырган жеке адамдар жана юридикалык жактар болуп саналат.
Автотранспорт каражаттарынын ээлери менчик ээси, арендатор, ишеним каты боюнча автотранспорт каражаттарына ээлик кылуучу юридикалык жактар жана жеке адамдар болушу мүмкүн.