|
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
|
| «Кыргыз Республикасынын «Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо тууралу» Мыйзамына љзгљртџџ жана толуктоо киргизџџ жљнџндљ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Долбоор (2001-жылдын 27-ноябры) (кџчџн жоготкон) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын «Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо тууралу» Мыйзамына өзгөртүү
жана толуктоо киргизүү жөнүндө
(2001-жылдын 27-ноябры)
КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 27-ноябрындагы № 736 токтомуна ылайык мыйзам долбоору сурап алынган
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2001.27.11 № 736 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
1-статья. Кыргыз Республикасынын «Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо тууралу» Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1996-ж., № 7, 106-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги» деген сөз тизмеги тиешелүү жөндөмөдөгү «Кыргыз Республикасынын борбордук юстиция органы» деген сөз тизмегине алмаштырылсын.
2. 3-статьяда:
- биринчи бөлүгүндө «коммерциялык» деген сөздөн кийин «жана коммерциялык» эмес деген сөз тизмеги менен толукталсын;
- экинчи бөлүк алынып салынсын;
- үчүнчү бөлүктө «, эркин экономикалык зоналардын аймагында түзүлө турган филиалдардан жана өкүлчүлүктөрдөн тышкары,» деген сөз тизмеги алынып салынсын.
3. 5-статьяда:
- биринчи бөлүктүн экинчи абзацында «Бишкек шаарынын аймагында түзүлө турган» деген сөз тизмеги алынып салынсын;
- төртүнчү бөлүктө «келишимдик негизде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен белгиленген тартипте» деген сөз тизмеги алынып салынсын.
4. 6-статьяда:
- биринчи бөлүк «каттала турган юридикалык жактын жайгашкан жерин ырастоочу документти» деген сөз тизмеги менен толукталсын;
- үчүнчү бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«Ишинин негизи банк ишкерлиги болгон юридикалык жакты каттоо, ачылышы, кайра уюштуруу жана жоюу, ошондой эле кайра каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кошумча уруксаты талап кылынат. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабына лицензияда турган күрөөканаларды, кредиттик союздарды жана башка финансы - кредит мекемелерин каттоодо, ачууда, жоюуда, кайра уюштурууда жана кайра каттоодо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын же анын облустук башкармалыгынын, же бул укук өткөрүлүп берилген башка юридикалык жактын макулдугу талап кылынат.»;
- жетинчи бөлүк алынып салынсын;
- тогузунчу бөлүктө «арыз берүүчү» деген сөз «уюмдаштыруучу» деген сөзгө алмаштырылсын.